сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
5206   296
28.11.2019
Кечээ бир таанышым бирөөнө чалып, - Баланча деген сенин жумушуңда иштейт экен. Ошону көтөрүп коюш кк болуп атат,- дейт. "Баланчаң анан мээси бош болсочу? Ал жакты өнүктүрө турчу бирөө келсе жакшы эмеспи?! Тааныш - билиш кылган уят эле! - дедим. Унчуккан жок. Ушу тааныш аркылуу жалаң көк мээлер алдыга жылып, мээси барлар көрүнгөн жумушта жүрөт. Ушу башыма жүн чыкканы көлдүктөр келип, " Көлдүк экенсиң. Жардам берип коелу"- дегенин укпаптырмын. Менин туугандарым деле мени мн иши жок. Эмне кылып ким жүргөнүмдү деле билишпесе керек. Депутаттарыбыз мн деле бири бирибиз мн ишибиз жок. Кандай депутатыбыз бар экенин деле билбептирмин. Уран казылып жатканда кыйкырып жүрүп, эки штук депутат бар экенин көрүп, тарс жыгылгам. Тууган - уругун ээрчитпеген президент керек десеңер, (үч жылдан кийин дейм да) биз тарапка ышкырып койгула. Анын президент экени мн деле ишибиз жок , анын деле биз мн иши жок жүрө беребиз. Силерди бирөө түртмөлөп атканда колуман келеби деп сурап койгула да өзүңөрдөн! Жердешчилик, тууганчылык, тааныш - тунуш деген болбош кк экен өсөлү десек. Адам каяктан болбосун кесипкөйлүгүнө, адамгерчилигине каралсын! Ар бир облустан укмуш сонун досторум бар. Алар мн достошуп атканда жердигин, чөнтөгүн, динин, ж.б. сын караган эмесмин! Жүрөгүнө үңүлгөм, жүрөгүн сүйгөм. Жүрөгүнө үңүлөлү адамдын!
Загрузка...
5322   295
31.03.2020
Көрүнгөн идеологияны туу тутуп, көрүнгөн этекти кармап, көрүнгөн жакта адашкан кыргыз. Көрүнгөн жакта, көрүнгөн жерде, көрүнгөн элде көр тирилик көргөн кыргыз. Иса дейт, Аллах дейт, Иисус дейт...дейт кыргыз. Түбүң ким, атың ким, затың ким билбейт, кыргыз. Шире кийип башына Жоломан экенин унуткан сындуу...Дөнөнбайды тааныбай, дөөрүп калган маңкурт сымал... тилиң кайсы, дилиң кайсы билбейт кыргыз... "Меники чын" дейт бирөө. Баары аны ээрчийт. "Жаңылган жолдосуң" дейт экинчиси, калганы ээрчийт. Чындыгын билбейт. Чымындай жаны чыркырайт. Көр топурак тыгып алып көөдөнгө сайга чыгып, аңга түшүп, миң жыгылып, миң чалынып, миң сыгылып баратат кыргыз. Эй, кыргыз! Ойгон, кыргыз! Оюбуз бир, жолубуз бир! Бир жакадан баш чыгарып, бир жеңден кол чыгарып, эл журттун ажырагыс бүтүндүгү үчүн, улут аралык ынтымак, достук жана кызматташык үчүн күйүп, атуулдук ариет, улуттук ар намысыңды коргоп,арыбас мээнетиң менен алдыңкы өнөр - билим аркылуу бакубат дөөлөткө умтул! Гуманиз, айкөлдүк, кечиримдүүлүк орносун жан дүйнөңө! Табиятты кордобо, таттуу мамиледе бол! Тааны өзүңдү! Кыргыз мамлекеттүүлүгүн чыңда! Аны көзүңдүн карегиндей сакта! Эй, кыргыз, бир түндүктүн алдында бирик! Бөлүнбөй жүр! Бөлүнсөң, бөрү жеп кетет, бөлүнүп кетти кыргыз деп, бөлөк элге кеп кетет! Ынтымагы жок дебе! Бир бирден болсок, таякты сындыргандай бат сынабыз. Ынтымак болсо, ырыс да келет. Сындыра албайт бизди оор күн дагы! Эй, кыргыз, ойгон кыргыз! Кулдук эмес мүнөзүң! Баатырсың сен! Эркинсиң! Ажылдаган аялга окшош эмес мүнөзүң! Айкөлсүң сен! Бийиксиң сен! Тунуксуң сен! Ушакташып, урушуп, ирип турган көкүрөк жок! Ыйыкты, касиетти жаза баспай, кыт кылып, жаманды эмес жакшыны илип турган көкүрөк бар! Ойгон, кыргыз! #жөнэлеойлор
9440   295
24.11.2019
Раим айсбергдин чокусу эле. Бир эле үлгү, бир эле көрүнүш, бир эле мисал. Алдында кандай гана чырмалышкан коррупция жатат. Баскан изибиз коррупция. Кеп Азаттыктын маалыматына эле дүрбөп жатабыз дегендик эмес. Ал маалымат болсо да, болбосо да ичибизде дүрбөлөң жүрүп жатат. Баарыбыз эле бул маалыматты мурунтан билгенбиз, туйганбыз. Ызырынганыбыздын себеби, жөн эле бийликтин кайдыгерлиги, көңүл коштугу, унчукпастыгы, иштин үстүн өрт - бас кылууга аракет жасоосу, калкалоосу. Жеке эле Раимди эмес. Жалпы коррупционерлерди. Эртең эле жаңы шайлоо болот. Аз калды. Маанилүүсү ошол шайлоодо күнү мага тийет деп эле трайбалисттик көз карашты курчутуп, өзүң жакты сүйрөй берүү эмес же акчасы көп экен деп ыргыткан жугундусуна эртеңкиңди сатуу да эмес, чыныгы күйгөн, билимдүү, илимдүүлөрдү сүйрөө, аларга көмөк болуу! Буга чейин бир да шайлоодо иштеген эмесмин. Бул сапар иштегим келип турат. Мейли алып баруучу, журналист, мейли актриса, блогер, мейли аны жарнамалоого катышып, айтор татыктуусун сүйрөгүм келип жатат. Акчасы жок бирок күчтүү бирөө болсо, бекер иштегенге да даяр бололу! Жапа тырмак киришип, ынтымагыбызды күчөтсөк эле колубуздан келет. Күчтүү бирок шайлоого катышканга акчасы жок балдар - кыздар толтура! Шайлоого сөзсүз эле бизнесмендер, соодагерлер, криминалдар катышышы керек эмес! Шайлоого мугалимдер, юристтер, карапайым калктар да катышышы керек! Өлкөмдү көтөргөндөр келсин ! Эзели маршруткага түшүп көрбөгөндү, эзели айылды аралабаганды шайлап алып, карапайым калкты көтөр дейбиз! Ач бала мн ток бала ойнобоорун билбейбизби? Элиме жана эртеңкиме болгон салымым балким ушу болоор! Колуман келгени ушул экен. Сахналаш кесиптештерим да колдойт деп ишенем. Анткени алардын арасында эртеңки күнүбүзгө кайдыгер карабаганы, сатылбагандары бар!