сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
5804   269   57197
21.04.2020
Элмирбек Иманалиевдин ар бир чыгармасы уккан кишини терең ойго салып, сай сөөктү сыздатып, жан дүйнөнү аңтар теңтер кылаар эле. Мындай тубаса таланттын үнүн, комузун, ырларын элибизде жаш-кары дебей бирдей сүйүп, күтүп укчубуз. Ажалга айла жок экен, улуттун чыгаандары биринин артынан бири кетип жатканы баарыбыздын кабыргабызды кайыштырып турат. Элмирбек акын сүйүүнү да, турмушту да, азыркы жашап жаткан акыбалыбызды да таамай ырдады. Көп бугу ичинде кетти окшойт ошондо да. "Чоңдорго кайрылуу" деген соңку чыгармасында, эгемендиктен бери төрдөн түшпөй келаткан чоңдорду, алардын дараметин, элдин арманын, азыркы реалдуулукту, нааразылыкты жеткире ырдаган экен. Аз өмүрүндө кошоматка кой сойбой, бетке чабар, адилет, элдин үнүн ырдап келгени үчүн азыр атпай кыргыз мүңкүрөп, сыздап жоктоп турат... Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун чыгаандын.
15960   269
30.12.2019 Gul'Cha, Osh, Kyrgyzstan
Ушундай ачык асман алдында, тоо койнунда ырдаган башкача жагат да 😇💃 Өзүм айылда төрөлүп, өскөн үчүнбү, билбейм, өзүмдү аябай эркин сезип, жыргап ырдайм 😇☺️ Бүгүн Алай жергесинде тургундарды ЖК нын депутаты Улан Примовдун чакыруусу боюнча барып, куттуктап, ырдап, бийлеп кайтып келатабыз. Карапайым калктан айланып эле кетем🤗🙏 Жыыыргап кошо бийлешип, ырдап, кыскасы сонун болду 😇🤗 Бар болуңуздар! Кирип келе жаткан Жаңы жылыныздар менен!!! ______________________________________ Таң атпай туруп келип мени сулуулаган @zerkalo_kuzgu.kg Кумара эжеме, жана чачымды укладка кылып берген @rasul.hairstylistt рахмееет🤗😘 Кайра кечки "Браво 2019" жыл жыйынтыгына алып баруучулукка образ жаратуу үчүн кайра @zerkalo_kuzgu.kg барам азыр. Алай - Ош жолунда баратып жазып жатам 😇 Бүгүн дагы кызыктар болот, буюрса. Лента, сториске көз салып турунуздар🤗 (Ушинтип шашылыш кезде да Пост жазып жатып "сиздер үчүн эле жашап бараткандай эмесминби" деп ойлоп кетем 😅😝) Жакшы көрөм просто, ошол эле 😇🤗😘
Загрузка...
2524   268   85332
01.06.2020
Менин бала кезим чоң ата, чоң энемдин үйүндө ушул бак арасында Бужум айылында Андрей көчөсүндө балалык күндөрүм кызыктуу өткөн ..... Мен чоңойгон жерге Бужумга кыздарым менен каникулда келип турабыз ..... ! Чоң энемдин тартып койгон каймагын , пөпөк канттарын уурдап жегеним эсимде 😁😁😁😁 Бүгүн чөп оргонго жардамдашканы келдим , тердегенди айтпай эле коёюн 💁‍♀️😝😝 күн кайнап кеткенче деп эрте менен 6:30 да туруп кыздарым уйкудан турганча баарын бүтүрүп, аз да болсо чер жаздык 😊☺️☺️ чөп орбогонума 5 жылдан ашыптыр 🤓🤓🤓 ____________ Бужумдагы келиним Гулнур чөп оргондон эркекти алдына салдырбай оруп койгону жакты , бул үйдө эркек бар болгону кичине эрке 🤫🤫🤫 ....Мага көбүнчө чөп ташыган жакты 😂😂😂😂 Бирок колум (мозоль)болуп катып калды , учурашканда 🤝🤝жүда билинет экен 🤯🤯 кантип жумшартам кол катыды 😫😫😂 🍀🌿🌿🎋🎋🦋🦋🦋🦋🦋1-июнь#балдарды коргоо күнү менен#чөпсезон🇰🇬#эсалуужакындарменен#2020жыл🐀
6627   268
16.03.2020 Bishkek, Kyrgyzstan
Образ Жарашыптырбы?😇 Ошентип, достор, сиздердин күтүүңүздөрдү бир аз болсо да актайын деп өзгөчө клип тартуунун үстүндөбүз😇🤗 Чыгарма дагы башкача мотивде, насип кылса сиздерге жагат деген үмүтүм бар.🙏 @timur_saliev_production командасы айтты: "Сен биздин айткан идеяларга көнүп, жакшы изденип, бизге жардам бер. Өзгөчө клип тартып берели..." дешти эле макул болдум. Анан эле клип тартуу учурунда өзүмдү өзүм күзгүдөн көрүп араң тааныдым 😁🙈 Андан сырткары тартуу учурунда ар түрдүү күтүүсүз бурулуштар болуп кетип жатат.🙊 Клип үчүн кандай гана кадамдарга барбайбыз деп коюп болгон аракетимди жумшап жатам. Буюрса, эртең да калган бөлүгүн тартабыз. Жакшы тилектер менен алкап туруңуздарчы😇🤗🙏 Өзүмдүн да, сиздердин да купулуна толо турчудай эмгек жаратып алууну насип этсин 🙏 Жалпы клип үчүн 40-50гө жакын адам иштеп жатат... Жалпы идея @timur_saliev_production таандык. @bek_jumakadyrov тартып жатат. @erlan_mamajanov ар дайымкыдай чач стилист, жана колдоочум болуп жүрөт. Ал эми кийим образдар @arzubek_vonama мода үйүнөн даярдалып жатат. Клип бүткөндө дагы толук маалымат жазам, буюрса 🤗 Бардык аракетибиз сиздер үчүн, угарман, көрөрмандарыбыз🤗🤗🤗