сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
5929   264
21.01.2020
Ар ким Жаратканга болгон сүйүүнү кандай болуп, кандай эреже менен сүйүүлүшүн таңуулайт. "Жок, туура эмес сүйүп атасың! Коркуп сүй!"дейт бирөө. Бирөө " Жооок, Кудайды ушинтип да сүймөк беле? Динге кирип алып сүй!" -дейт. - Жаратканды сүйүүнүн да эрежеси болчу беле?- дейм мен. Баары чалкасынан кетет. Жайына койсоң, ыкласым менен сүйүп атканымды алып барып, таш бараңга алгысы бар. Мен силерди " апаңды минтип, атаңды тигинтип, балаңды моминтип сүй" деп үйрөтүп жатканымды элестет! Канчалык деңгээлде туура болмок? Акылга сыйа турчу нерсеби?? Ал нерсе сенин жана жакындарыңдын арасында көрүнбөгөн, назик, өзгөчө, силерге гана тийиштүү нерсе. Ага аралашканга акым да, укугум да, каалоом да жок. Ар ким өз деңгээлине, алына, көңүлүнө жараша сүйөт. Анда Жараткан экөөбүздүн сүйүүбүзгө эмнеге киришкенге укук беришим керек??? Мен аны өз чабытымда сүйөм. Мен андан корккум келбейт. Коркунуч мен үчүн пайдалуу, сонун, жагымдуу сезим эмес. Сүйүү мен үчүн сонун сезим. Корккондун ордуна сүйүү сезимин тандоо - менин акым. Динге да ар ким урмат көрсөтүп, ишеними терең орноп, көзү жеткен соң гана барып, түбөлүк жол кылып тандап алуусу кажет. Бул нерсе өз каалоосу, ниети, урматы менен тандалат. Таңууланып, тозок, акырет менен коркутуп киргизген адам динге кызмат кылбайт. Эл көзүнө гана кызматта болот. Көз көрүнө таңууланган нерсе иренжитүүнү пайда кылат. Демек, таңуулап жаткан адам - дин душманы. Өзүң ушундай такыба адам бол. Жүрүм - турумуң суктанаарлык болсун, таза жүр. Адамгерчилигиң болсун. Сага суктанган адам сенин кадамыңды кайталагысы келет! Сени ээрчийт. Элге көрүнүп, эл "укмуш экен деп ойлоп калсын деп шоу жасоонун кажети жок. Ал купуя сени менен Жаратканды ортосунда гана болуусу кажет. Элге эмес Жаратканга тастыкта. А Жараткан тастыктооңду да каалабайт. Көрөт ал. Эң оболу адам болушуң керек экенин түшүндүм. Жүрөгүңдү таза тут. Өзүң таза кезде баарын бирдей сүйөсүң. Жараткандын жараткан адамын динине карап, түндүк - түштүк, улуу - кичүү, эркек - аял ж.б деп бөлбөйсүң. Кандай жаралса, ошондой кабыл алып, сүйөсүң. Келбетке, кадырына карабай адамдын адам экенин эле карап, жүрөгүн тыңшап сүйгөн кандай сонун! #жөнэлеойлор
41484   264   57341
25.06.2020
Ассалому алейкум уа Рахматуллахи уа Баракатуху!🙏Ырайымдуу Аллахтын💖 аты менен! Биз баарыбыз Аллахтын кулдарыбыз жана ал ар бир адамга ар кандай сыноону жиберет экен. Көп тамчыдан көл жаралат, бир тамчы суу жок жер чөлгө айланат кызымдын келечеги учун КЫРГЫЗ ЭЛИМДЕН ЖАРДАМ СУРАП КАЙРЫЛДЫМ КЫЗЫМДЫН операциясына жардам бериниздер 50 000$ биз үчүн аябай көп акча😢 кызым 38°39° теперптура 40°41° болгондо өзүнү жоготуп койот унутчаак, жакшы суйлой албайт баары бир операция менен оз ордуна келет экен. Омурткасынан мээсинин эн жакын жеринен оор жаракат алыптыр. Бир мумкунчулугу бар басып кетуусуно деп айтты. Кызымдын келечеги жөнүндө ой жанымды күнү-түнү кыйнайт. Эгерде бир күн жанында болбой калсам, анда ал эмне болот, аны кандай келечек күтүп турат? Деген ой жүрөгүмдөн эч кетпейт. Айыгып кетет мүмкүнчүлүгү бар, бирок акчам жетпегендиктен, колдорум байланып турат. Ин ша Аллах, кызымдын Аллахтан болгон сыноосунан куткарып жардам берген инсандарга Аллах акрет сыноосунан женилдик берип куткарат деп ишенем 🙏😢 Окуганыныз учун Аллах ыраазы болсун сиз мээримдүү жүрөгү таза инсансыз. Кызым учун дуа кылыныздар басып айыгып кетсин😢😢 БАШКА ЖОЛУМ ЖОК, ЭЛИМДЕН, МЭЭРИМДҮҮ ИНСАНДАРДАН ЖАРДАМ СУРАП КАЙРЫЛДЫМ🙏 . 💖ЭЛСОМ 0502 03 20 16 . 💖Сбербанк 4276380024117983🇷🇺 . 💖Türkiye Finans:4284 6230 4673 1335🇹🇷
Загрузка...