сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
1679   71   15748
18.06.2020
БЕШ ЖАШАРГА БЕРБЕЙМИН Картайган сайын адамзат Карылыгын жек көрөт, Кайран өмүр өттүң деп Санаркап күнүн өткөрөт. Эскирген сайын адамзат Эскилигин жек көрөт, Эссиз өмүр өттүң деп Өткөнүнө өкүнөт. Жашаган сайын адамзат Жаштык кезин сагынат, Аттиң ай минтип калбай деп Жаш күнүнө таарынат. Майышкан сайын адамзат Балалыгын сагынат, Баягыда минтпей деп Өзүнө өзү таарынат. Мен антпеймин, курдаштар, Жаштыгым өттү кезинде; Заманым тынбай жоо кырып, Ок жамынган мезгилде. Өттү зуулап балалык, Заманым баатыр кезимде, Алпкаракуш жар ташка Таш түлүк тууган мезгилде. Өмүрүм кетти жыргалда, Заманым жигит чагында, Шумкарлар жүрдү үстүмдө, Кабландар жүрдү алдымда. Ар жашаган күнүмдүн Бир миң күндүк салмагы, Ар бир өткөн жылымдын Бир кылымдай ардагы. Жан көрбөгөн укмуштун Артынан кетип баратам, Өлүмдүн бары чын болсо Өлүмдү барып таңгалтам. Жаш улгайып күн өтсө – Бекерге өттү дебеймин, Отуздан ашкан жашымды Беш жашарга бербеймин. 10/XII 1945 Койсары Алыкул Осмонов
Загрузка...
650   21
18.06.2020
#менденмаалымат Япондор балдарын кантип тарбиялайт? Бир дагы бала гений же келесоо болуп төрөлбөйт. Бардыгы тарбиядан жана курчап турган чөйрөдөн көз каранды. Келечекте балаңыз кандай болоорун сиз 3 жашка чейинки берген тарбияныздан көз каранды. Бул тууралуу Масару Ибуканын "3 жаштан кийин кеч" китебинде айтылат. Балдарга скрипканы жакшы музыкант болуш үчүн же англис тилин мыкты лингвист болуш үчүн үйрөтпөйт. Эң негизги бала эмнеге жөндөмдүү экенин билүү же потенциалын ачуу болуп саналат. Ошондуктан бир нече кеңештерди билип алыңыз: ⭕️ Ымыркай кезинде баланы көбүрөөк колго алып эркелетиниз. "Колго көнүп калат" деген болбогон кеп! ⭕️ Балага түстүү карандаш, кагаздарды эртерээк белек кылыңыз. Бул фантазиясын өстүрүүгө жардам берет. Чыгармачылык изденүүсү артып, интеллекти жогору болот. ( Мен эки баламда тең чоңойгондо үйрөнөт деп, 3 жашынан кийин кагаз, карандашты карматкам. Азыр өкүнүп калам. Себеби кол жазмалары начар болуп калды😌 Азыр анын үстүнөн иштеп жатабыз. ⭕️ Сөзсүз эле балага кымбат оюнчук алып берип, түрдүү курстарга катыштыруу зарыл эмес. Балага ата-эненин көңүл буруусу керек. Өзүңүз үлгү болуңуз. ⭕️ Жомокторду, ырларды көп окуп берип, аларды жаттатыш керек. Бала 100-200 кыска ырды оңой эле жаттап алат экен. Мына ушундай кызыктуу маалыматтар камтылган, бала тарбиялоо тууралуу китеп алгыңыз келеби? Анда лентаны акмалап туруңуз. Бир нече күндөн кийин "бала тарбиясы" жөнүндөгү китептерди ойнотом📚📚📚