сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
1129   46
17.06.2020 Bishkek, Kyrgyzstan
Куралбек Чокоев аттуу инсан жөнүндө пост жазгым келип жүргөн., кебирлерине кызыксыз ,кебирлерине кызыктуу, кызыкбагандарга айтаарым өзгөчө хейтерлерге силер дагы кызыккыла:)) 2006-чы же 2007-чи жылдары болуш керек,Сейтек балдар борборунда Евгений Акопяндын (КВН кыргызстана) лигасында мектептер арасында КВН болгон ошондо биздин ☆☆☆42чи орто мектеби 2 орунду алганбыз🥈 ошол күнү орусча айтканда главный гость вечера @kural_chokoev болгон☆ ошондо аппак көйнөк аппак костюм шымы менен ойундун аягында. Лайна Ричинин "How Long" ырынын орусча вариантын "Ты прости" аттуу чыгармасын @kural_chokoev ырдап чыккан🎤 Ошондо эсимде калганы... биздин кыздар..... дегиле залда отурган жалпы көрүүчүлөр өзгөчө тосуп алышкан... ошондон кийин ааа жакшы ырдайт экен деп калгам..! Мектепте окуп жүргөндө "Айданек" деген гезитти аябай кызыгып окучук! Ошол гезитке главный гость вечера Курал Чокоев удивил всех в конце игры деп...Ошондон кийин тааный баштагам..!!! 1-серия бүттү!!! 2-серияны каалагандар болсо коментарииге ойуңузду бөлүшүңүз!🙃
Загрузка...
616   20
16.06.2020
Апасы кошуна аялдан туз сурап жатканын уккан баласы: “Апаке! Кечээ базардан бир баштык туз алып келдим эле, эмне үчүн кошунадан дагы туз сурап жатасыз?”- деп сурайт. Апасы: “Уулум! Кошунабыз колунда жок кедей адамдар. Алар дайыма бизден муктаж болгон нерсесин сурап турат. Мен андан бир аз гана туз сурадым, чоңураак нерсе сурап ыңгайсыз абалда калтыргым келген жок. Негизи мага туз керек эмес болчу, бирок туз сураганымдын сыры башкада. Алар менден бир нерселерди сураганда уялып, кысталып калбастыгы үчүн, мен дагы кээде аларга муктаж болуп тураарымды сездиргим келди”- деп жооп берет. Бул - алтын тамгалар менен жазыла турган адеп-ахлактын туу чокусу... Эгерде аял жакшы болсо, анда ал уул-кыздарына үлгү боло алат. Ал эле эмес, жалпы элди туура багытка баштай турган жакшы урпакты, келечек муунду тарбиялап өстүргөн мектеп болот... Кошуналардан кабар алып, ал-жайын сурап туруңуз.