сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
Загрузка...
554   30
14.06.2020
Бары эле депутат болгусу келет. Ага мүмкүнчүлүгү, билими, тажрыйбасы туура келеби, же жокпу... ______________________________________________________________Бир аял акылман адамга келип кеңеш сурайт: - Айтыңызчы, Сиздин акылмандыгыңыздын сыры эмнеде? Бактылуусуз, байсыз, ийгиликтүүсүз. Мен көп окуйм, көп иштейм. Бирок күндөн-күнгө ишим начарлап, максаттарым ишке ашпай келет, же ийгиликке жете албайм... ______________________________________________________________Акылман адам аялга балта менен бир кап картөшкө берет: - Ушул балта менен картөшкөлөрдү тазалап көр. Аял ачууланса да, балта менен тазалап корот. - Мен жөн гана убактымды текке кетирип жатам. Бычак менен эле бат аарчып бүтүрүүчү иш эле го, - деп сүйлөнөт. ______________________________________________________________- Көрдүңбү, сен бул иш үчүн бычак туура келээрин билесин. Ал эми балта отун жарганга керек. Адамдар деле ошондой. Ар бири өзүнүн мүмкүнчүлүгүнө, билимине, багытына жараша максаттарды койгону оң, - деп жооп берет... Улантып кетсеңиз каршы эмесмин)))
2573   39
14.06.2020
ДИЛДЕН ЧЫККАН СӨЗ ЖҮРӨККӨ ЖЕТИП БАРАТ. ТИЛДЕН ЧЫККАН СӨЗ БОЛСО КУЛАКТАН НАРЫ ӨТПӨЙТ. Аял затын кордогондордун баары ислам динин түшүнбөгөн адамдар. Напсинин, шайтандын азгырын ээрчигендер, динге чейинки караңгы доордогу акмакчылыктын артынан ээрчигендер. Ислам дини гана аялзатын сыйлаганды үйрөтөт. Бир эси жок эркектин айынан бүтүндөй эркекти жамандап жаткан адам, өзүнүн бүтүндөй эркек туугандарын кошо жамандап жатканы эсине келет бекен... Бир эси жок аялдын айынан бүтүндөй аялзатын жамандап жаткан адам, өзүнүн бүтүндөй аял туугандарын кошо жамандап жатканы эсине келет бекен... Хасан Басрийден бир киши: "Кызымды кимге турмушка узатайын?" - деп сурайт. Ал: "Кудайдан корко турган адеп-ахлактуу адамга бер. Жакшы көрсө урмат кылат, жаман көрсө да ага зыян кылбайт" - деген экен.... Ислам динин зөөкүрлүк кылган, терроризм жасаган кишилердин сакалы менен топусуна карап түшүнүп албоо керек. Ансыз да динди жаман көрсөтүү үчүн топу-сакалчан кишилерди терс каармандын образында чагылтып кино тартышып жатат. Ал эми реалдуу жашоодо жамандык жасаган мусулман кишилер болсо, ислам динин туура түшүнө албай жаткандар. Ислам динин түшүнбөгөн адамдар: -динди жамандайт, үйрөнүүгө жакын жолобойт -түшүнгөн адам болуп, али түшүнө элек экендигин акмактыгы менен далилдейт. -акыркы таза дин катары ар бир адамга келтирилгенин унутуп, Араптыкы деп таңуулагандан жаагы талбайт. -"топу, сакал, жоолук" булар жөн гана сырттагы көрүнүш. Динди мусулман болуп көрүнүп жаткандан эмес, мусулман болуп жашап жаткан кишиден үйрөнүү керек. Анткени азыр диндин көрүнүшүн беткап катары колдонуп жаткан тарбиясыздар көбөйүп баратат. Унутпа! Окуган намазың сени жамандыктан тыйбаса, демек жөн эле жайнамазда жатып-туруп жатасың деп ойлойм. Бул сөзүм менен окуп жаткан намазыңды дагы да такыбалык менен оку керек демекчимин. "аялың Аллахтын аманыт". Бул хадисти ар бир күйөө бала жана кайын эне түшүнгөндө келинин кордобойт эле. Демек динди түшүнбөгөн адамдын аткарып жаткан ишинин акыбети булар... Динди түлкүдөн үйрөнсөң "тоок урдаганды адал" - деп айтат эмеспи. Динди Кыргызстан Мусулмандар Казыятынын уламамалар кеңеши тарабынан көзөмөлдөн өткөн кишилерден үйрөнөлү, Муфтияттын уруксаты берилген диний фонд
1004   5   9242
14.06.2020
☝🏻Ассаламу алейкум😉 😊Урматтуу бир туугандар 🎥Эгерде биздин видео сизге жакса👍🏻 ——————————— ✔Баракчабызга катталыңыздар😎 ✔Жүрөктү❤ же лайкты👍басыңыздар ✔Досторду белгилегиле🤗 ✔Видео менен бөлүшүңүздөр🔁📲 ✔Каалаган комментарий жазыңыз✍🏻 ⛔Бирок,жаман сөздөрдөн башкасын🤬🚫 ✔Эгерде видеону толук форматта🖥 😎көрүп,жүктөгүңүз келсе, ➡анда биздин ютуб каналга↩ ➡"Насаат Медиа" кириңиздер. ——————————— ☝🏻😊Ин ша Аллах бул иш аракеттер🔧 🔁видео-сабактардын таралышына 👍жакшы себептердин бири болот📲 ☝😊P.S. Ээринбей аткарып койгула, ➡эки дүйнөдө пайда аласыңар🏆🥇🎁 ——————————— . .#карантин #бедность #даарат #семья #обычаи #намаз #Коран #бейиш #шариат #мечеть #шариат #религия #сунна #напоминание #наставления #предложение #мусульманин #ислам #islam #кыргызстан #кыргыз #бишкек #чуй #ош #жалалабад #баткен #талас #нарын #ысыккол
224   9
14.06.2020
Ардактуу Карыбек байке! Бүгүнкү туулган күнүңүз менен! Сиздей илимпоз, көп тараптуу, терең билимдүү, кыргыз, орус, англис, француз, немец тилдерин суудай билген, жана ошол тилдерде ырларын жазган, илимий китептерин жазган, социология, философия илиминин кандидаты, филология, экономика илимдери боюнча институт, университеттерде мыкты окутуучу, профессор агам бар экенине абдан сыймыктанам! Сиз жалаң ошондой билимиңиздин арты менен, А. Акаевге пресс катчы, Бакиевге саясий бөлүмүндө иштеп, жалаң алар сүйлөчү докладтарын жазып берип, ак иштедиңиз. Сизди алар, ар кандай махинацияларга тартканына карабай, сиздин адамдык ар-намыс, уятыңыз андай ыпылас иштерге макулдук берген жок! Ошону үчүн кызмат даражаңыздан да көтөрүлгөн жоксуз. Эгерде Кыргызстандын жетекчилеринин билим деңгээлдери жок дегенде сиздикинин жарымындай эле болуп, анан сиздей ак ниет, чынчыл, патриот болгондо, кыргыз эли бүгүнкү акыбалда болмок эмеспиз! Сизди мен эч бир уялбай туруп, керек болсо сыймыктанып, үлгү катары көрсөтө аламын! Арыбаңыз байке! Карыбаңыз! Сиздин жазган китептерди япондор, англичандар, франсуз, немецтердин окумуштуулары кызуу окуп, терең баалап жаткан кез! Эч нерседен кем болбоңуз байке! Жеңем экөөңөр балдар, кыздардын, неберелердин жакшы күндөрүн көрүп көп жашаңыздар!