6279 673
13.06.2020
Кеп тагдырда, же кеп сабап аткан ошол эрде да эмес. Кеп өзүңдө. Сенин тегерегиңдегилерге берген уруксаатыңда. Мойнуңа мингенге, сөккөнгө, төпөштөгөнгө, шылдыңдаганга, маскарапоз кылганга уруксаат берип атсаң эгер, башкаларга күнөө асканга, жашоого шылтап ыйлаганга акың жок. Ар бир аял ханыша болуп жашаганды же күң болуп, тепки жегенди тандай алат. Кеп сенин тандооңдо. Өзүңдү эмнеге ыраа көрөсүң? Канчалык баалайсың? Эрим, кайын энем жаман деп наалыгандан көрө менчи, мен ошондой мамилеге кантип татып атам жана эмне үчүн ал нерсеге уруксаат берип атам деп ойлон! #жөнэлеойлор