сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
4415   318
01.06.2020
Премьер-министр Абылгазиев Кыргызстандагы жыштыкты аукционсуз, бекер алган Казакстандык компаниянын өкүлдөрүн кабыл алган Чек арада чатак чыгып, жүк ташуучу машинелер Казакстанга өтө албай чакырымдап тизилип турат, бюджет тартыштыгы абдан чоң. Премьер-министр болсо "тергөөгө кийлигишпейин" деп убактылуу эс алууга кетти. Тарых музейи, ТЭЦ сыяктуу коррупциялык иштер жылдап тергелип жатат, эмне бул иш бир жумада эле тергелип бүтөбү? Же бир жыл бою тергөө созулса, кыргыз эли бир жыл өкмөт башчынын ишке чыгышын күтөбү? Арыдан бери болуп, чечкиндүү кадамдар керек азыр. "Свои" деп коргогон менен, болбой калды бул жагы. Менде күч органдарына дагы бир конкреттүү суроо. Жакында Казакстандагы "Верный капитал" инвестициялык компаниясынын жетекчиси, Билайндын кожоюндарынын бири Ерлан Оспанов жана Билайндын Кыргызстандагы жетекчиси Евгений Кражан премьер-министр Абылгазиев менен жолугушкан. Билайндын чоңдору менен өкмөт башчы жыштыкты сүйлөшпөсө, кайсы темада сүйлөшүү болду? Эмне үчүн жолугушуу коомчулукка чагылдырылган жок, өкмөт башчынын кимдерди иш убактысында кабыл алганы ачык болушу керек да. Ошол жолугушуунун протоколун, хронологиясын элге жарыялап койсоңуздар, эмне тууралуу сөз болду, албетте, Билайндын өкүлдөрү менен төө бурчак же футбол жөнүндө сөз болмок беле, эмне үчүн так ушул жыштыкты аукционсуз, бекер алган компаниянын өкүлдөрүн премьер-министр мырза кабыл алган?
Загрузка...
577   17
01.06.2020 Аксыйский район
*Аш-Шакуур(الشَّكُورُ)- Аз эле ибадатка көп сооп Беруучу.* Жакшы амалдарды Аллах учун жасасаңыз, Аллах сизге ыраазы болот , Аллах -Шүгүрчүл. Момун инсан эң чоң пайданы Аллах менен соода кылганда табат. Себеби Аллах сиздин кичинекей жакшы амалынызга да , тоодой сооп берет. Биз да шугурчул пенде болойлу. Аллахтын берген ар бир неьматын жүрөктөн сүйүп кабыл алып, күнүнө шүгүр келтирейли. Ар күнү балаңыздын чоңойгонун карап, жумушунуздагы ийгиликти карап, ден-соолугунуздун соо экенин карап, шугур келтириниз. Аллахтын бизге берген неьматтарын эсептеп бүтпөйбүз. Тамактын даамын сезип , ар жегенде рахат алганынызга шүгүр айтыңыз. Бала оорулуу төрөлсө, операция кылдыруу үчүн миндеген акчалар кетет, а балаңыз эсен-аман төрөлгөнүнө кундо шугур кылыңыз! Аллахтын берген белектерин актоонун дагы бир жолу, ал жараткан инсандарга жакшылык кылуу. Эң чон неьмат - аллахты таануу, аллахты таанысаныз баарын билиптирсиз.