сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
15812   677
29.03.2020
Ураа,ураа биз эми 2 млн 🍋🍋🍋🍋🍋🍋 болдук! Жакшылыкты жар салсаң көбөйөт дейт, сиздер менен биз 2 миллион болдук ! Бул Кыргызстандагы алгачкы 2 миллион! Бул биздин ийгилик, бул биздин жеңиш! Буйруса мындан да көбөйөбүз! Менин сүйүктүү күйөрмандарым эң активдүү жана эң мыкты! Телефонум куттуктоолордон тына элек! Кубанычымды кубаттап жакшы тилегин жөнөткөн баарыңыздарга ыраазычылык билдирем! @nazirabaktybekova_ Назиркам куттуктоолордун баарын жөнөттүң чоң рахмат!(күйөрмандарым Ватсап номерге жазгандарын) Аман-эсен көз жарып ал ! Кыргызстаныбыз, элибиз , дүйнө эли аман болсун ! Келген апааттан Аллахым өзү сактасын! Жакшы ойлор жүрөгүбүздү жылытып, кубанычтар кубат болуп жалпыга келген сыноону сабырдуулук , тартип менен жеңели! Мени менен бирге болгонуңуздарга чоң рахмат сүйүктүү катталуучуларым ! #фотоархив #элдинкызы Инстаграм мен үчүн абдан маанилүү! Интернетке кирсең эле кайгылуу маалыматтар ((( позитивдүү маалымат да болсун!
Загрузка...
15804   546
13.05.2020
Ариетим, сен сүйүүдөн жаралган баласың, билесиңби? Сени каалап, күтүп жаратканбыз. Курсагымда жүргөнүңдө жомок окуп, ыр угузуп, англис тилин окуйт элем. Атаң экөөбүз сени мн сүйлөшчүбүз. Сен баарын түшүнчүсүң. Доктурга УЗИге барганда дайым туура эмес жатып, же киндикке оролуп алат элең. Үйгө келгенде сени мн кадыресе чоң кишидей сүйлөшөбүз. "Түз жат, ордуңду тап" дейт элек. Анан калыбыңа келип, туура жатчусуң. Жынысыңды да тогуз ай бою көргөзгөн жоксуң. Бирок сенин эркек экениңди жазбай билдик, сездик. Энергияң күчтүү эле. Чоң энем кичинекейимди боюнда бар келиндерди ырымдаганын көрчү элем. Анан курсагынын түзүлүшүн карап туруп эле кыз - эркек экенин айтып берчү. Мен да энемен үйрөнүп алгам. Курсагым тик болду. Анан эт, кылгырган майды, камырды эркек эле суратмак. Бети башымдын баарын май кылып, койдун төшүн бетине кийип алып, уулдун энеси гана жемек. Анан жылкычы болчусуң. Жылкычылар гана түнү уктабай, шырылдаңды созуп, жылкы кайтарып чыгат. Сен да түндөсү өзөртө тепкилеп, курсагымдын формасын бузуп, колу - бутуңду чоюп, уктатпай чыгар элең. Андайда атаң сүйлөшүүгө өзү киришчү. Дароо тынчып калчусуң. Сен төрөлгөндө экөөбүз тең чарк айландык. Ушундай ачык, коркконду билбеген бала болчусуң. Бакчада бирөөнүн курсагын, бирөөнүн кулагын тиштеп, дагы бирөөнүн оюнчугун талкалап келчүсүң. Биз дайым сенин ордуңа тил укчубуз, бирок тентектигиңе аябай жыргачубуз. Ата - энеңдин укмуштуудай сүйүүсүнө малынып, мээримине чулганып, ата - энеңдин бири бирине болгон сүйүүсүн көрдүң. Сага суктанчумун. Өзүмдө болбогон нерсе сенде бар экенине сугумду далай арттым. Көзүм өтүп кетти көрүнөт. Кечирип кой, кичине капа кылдык. Бирок бил, ата - энең өз бактысын тапканга акылуу. Анткен мн сени экөөбүз тең мурдагыдай жакшы көрөбүз, мээримибизге бөлөйбүз. Анткени сен бизге абдан керексиң! ♥ #жөнэлеойлор