Чынар Капарова
@chynara_kaparova
Чынар Капарова

Подписчики: 128584
Посты: 598
Подписки: 362
Журналист, телеведущая, преподаватель, Journalist, TV presenter, lecturer

 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
222   10
03.06.2020
Шайлоо: тобокелдик жана таарынычтар. Азыр коомдун көңүлү күздө боло турган шайлоодо... Партиялар катарын топтоо, жаңылоо, биригүү, каржысын тактоо менен, ал эми акчасы, же атагы барлар партия тандоо менен алек болуп жаткандай))) ______________________________________________________________ Шайлоо – тобокелдик! Албетте өтө турган партиялар 3-4 болушу мүмкүн, алардын каржысы да чечилип, батасы да берилип калды деген кепти баарыбыз эле угуп жатпайбызбы)) Өтөөр-өтпөсү арсар, же “өтөм!” деп көкүрөк кагып сүйлөгөнү менен, кабинетинде “кандай болуп кетээр экен...” деп санаага батканы андан да көп... Ооба, тобокелдик. Эң оболу каржылык тобокелдик. Шайлоонун өзү акча. Акчасыз шайлоого баруу, куралсыз согушка аттангандай эле көрүнүш. “Акча албай шайлайлы!!!” деп кыйкырык салып жаткандар деле акыры акчанын кулу болуп бериши турган иш! Бул биздин элдин салты болуп калгандай... Бирок, элдин пикирин эске алган айрым партиялар катарын жаңы жүздөр, билимдүү инсандар, кадырлуу адамдар менен толуктоо аракетинде болуп жатканы да жакшы көрүнүш. Демек элдин талабы менен эсептешкендик! Эл акча алат, албайт... Ошондой болсо да азыр партиянын курамына бир аз болсо да көңүл бурулаары анык. Шайлоо – таарынычтар! Ошол топтолгон адамдардын бардыгы эле депутат болуп калаар-калбасы да маселе. Саналуу адамдар депутат болуп келет, эң азы 11. Депутат болбой калганы таарынычын чыгарат. Өзүнүн да, тобунун да абийирине шек келтирет. Анткени акча. Акча салган, чачкан, тараткан... Бул жерде адамгерчилик жана адеп-ахлак маселеси биринчи орунда. Партияны тандадыңбы, ошол партиянын уставына баш ий, сөзүн сүйлө, лидерди туу тут! Лидер сени депутат кылам деп убада бербейт! Анан акча маселеси. Чачылдыңбы, демек үй бүлөңдөн ашып жаткан каржың бар да. Тараттың. Өзүң үчүн, партия үчүн чачылдың. Буга моралдык жактан даярданып бардың. Өтпөй калдыңбы, капа болбо, командаңды жамандаба, унчукпа! Өтүп кеттиңби, бирок жетиштүү, команда талап кылган добуш ала алган жоксуңбу, капа болбо, сөз бергенсиң, татыктуу добуш алган талапкерге орун бошот. Бул шайлоо... Биздин шайлоо... Жөн эле ойлор...
279   41
02.06.2020
ДЕПУТАТ ИЗДЕЙМ! _____________________________________________________________ Биздин заманга чейин жашап өткөн белгилүү философ Диоген афиналыктарга "силер адам деген жогорку атка татыктуу эмессинер!” деп чакырык таштап, чак түштө колуна шамчыракты жандырып алып “Адам издейм!” деп көчөмө-көчө адам издеп жөнөйт..! ______________________________________________________________Анын сыңары, мен да Жогорку Кеңешке кирип барып “Депутат издейм, чыныгы депутат издейм...” деп зал ичин кыдыргым келген учурлар болду🤔🤔🤔 Ооба, депутаттар көп, бирок аты затына туура келбеген да өкүлдөр бар же жок экенин коомчулук өзү баалап, баамдап калды😏😏😏 Эмне айткым келди... _______________________________________________________________ 1. Депутат деген ким? Бул суроону мен студенттерге бердим👏👏👏 Бактыга жараша депутат деген терминди жана алардын милдеттерин бардыгы билет экен... _______________________________________________________________ 2. Биздин депутаттар кандай иш аткарат?🤔 Бул суроо албетте, талаш жаратты. Бири депуттар маселелерди чечип, эл үчүн иштеп жатат десе, башкалары депутаттар эч нерсе кылбай эле акча алган адамдар деп да жооп берип жатышты. 3. Бизде канча депутат бар жана кимдерди тааныйсыздар? 🤫 Студенттер 120 депутат бер экенин билет. Бирок тамашакой жаштар “Эже, алардын санын деле билбейт элек, 120 кой дегенден кийин эле депутаттар 120 турбайбы деп билип калдык” дешти. Бирок кимдерди таанышат? Болгону 20-30 гана депутатты студенттер тааныйт! Эми Сиздерге суроом: депутаттарды бардыгы таанышы керекпи, же шайланып келген аймагы тааныса жетеби? (Мен жооп билем)) Сиздерден жооп күтөм...
Загрузка...
792   84
27.05.2020
САГЫНДЫМ! Сени ушунчалык сагындым... ______________________________________________________________Сени көрө элегиме канча убакыт болгонун билсем да, кылым өткөндөй туюлат. Бул менин сага болгон сезимимдин күчү. Бул айлар сенин мага кымбат экениңди, сенсиз жашай албасымды дагы бир жолу далилдеди. Эч нерсеге карабай чуркап, кучагыңа кирип кетким келет. Аттиң... ______________________________________________________________ Бир гана сен үчүн чачымды жасап, кийим тандап, улам күзгүгө каранып даярдык көрчү элем го..? Азыр сен жок, чачым өскөн, кийимдер чаң баскан, күзгү унутта... ______________________________________________________________ Баса, кечинде сен тараптан билдирүү келиптир, жума күнгө чакырыпсын, ичим уйгу-туйгу, жолугууга даярдык көрүп баладай сүйүнөм... ______________________________________________________________ Сагынам, баргым келет... бирок вирус жол бербейт. Экөөбүздү эки жээкке бөлүп салган жаман күндөр бүтсө экен... ______________________________________________________________ Сагындым сени, ЖУМУШУМ! 😊😊😊 (интрига!). Жумушун, же анын акчасын сагынгандар болушуп коюуздар🙏
609   81
27.05.2020
БЕШ БОЛБОЙТ! ______________________________________________________________ Жан дүйнө сырыңызды, жада калса эң жакын адамыңызга да айтпаңыз! Ар бир сөздүн чеги бар, чектен чыгуу – адашуу. 1. Башка адамдын сырын айтпаңыз! Эгерде Сизге бир адам ичинде катылган сырын ишенип айтса, аны эч качан эч кимге “сатпаңыз”! Ал адамдын Сизге болгон ишеними жогору болгон. Башка адамдын сырын ачыкка чыгаруу - ыпыластык. Кийин бул кылганыңыз үчүн өзүңүздөн уялып жашоонун кереги барбы? 2. Алдыга койгон иш-пландар, бизнес-идеялар жөнүндө айта берүүнүн кажети жок! План жөнүндө айта берсеңиз, ал аягына чыкпай токтоп калышы мүмкүн. Жакын адамдарыңыздын арасынан деле Сиздин идеяны уурдап алуучу, көрө албаган, бут тосуучу адамдар чыгат. Мындай адамдар пессимисттик көз караштары менен Сиздин ийгиликке карай жолуңузду бууп салышат. Жада калса Сиздин идеяны Сизден мурда колдонуп алышы мүмкүн. 3. Иштеген кызматыңыз, жумуш мамилелер жөнүндөгү, өзгөчө кесиптик сырлар сыртка чыкпашы керек! Кесиптик этиканы сактаңыз! Жумуш алкагында кандайдыр бир окуяны башка адамга айтуу этикага туура келбейт. Өзгөчө медицина, милиция, билим берүү же социалдык коргоо ж.б тармактын кызматкери болсоңуз, жумуш алкагындагы бардык маселелер жумуш кеңседен чыкпашы керек деген тартипти карманыңыз. Айрым учурда Сиз жоопко тартылып калышыңыз мүмкүн. _ 4. Жакын досторуңузга, кесиптештериңизге үй бүлөңүздө бардыгы жакшы экендигин кайра-кайра айта берүүнүн зарылчылыгы жок! Бакыт – тынчтыкты жактырат! Бактылуу учурларыңызды улам айта берүүнүн, же мактануунун кажети жок. Жолдошуңуз сүйүп, балдарыңыз кубандырып, турмушуңуз топук болуп жатканы - Сиздин бакыт! Жеке турмушту жар салуу жакын досторуңузду алыстатып коюшу ыктымал. Анткени бардыгы эле бактылуу эмес! - 5. Жакындарыңыз менен болгон пикир келишпестик, же уруш-талаш жөнүндө башкаларга ооз ачпаңыз! Сиздин окуяга тиешеси жок адамды ага аралаштыруу чоң ката! Сизге таарынып, же Сиз таарынтып алган адамдын ортосундагы маселе сиздерде сакталып калганы туура. Ашыкча маалымат кедерги болот! Интернеттен алып котордум. Пайдалуу болдубу?