Жанар Акаев
@janarakaev
Жанар Акаев

Подписчики: 421926
Посты: 1040
Подписки: 108
twi: JanarAkaev fb: Janar Akaev akaevj@gmail com

 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
4415   318
01.06.2020
Премьер-министр Абылгазиев Кыргызстандагы жыштыкты аукционсуз, бекер алган Казакстандык компаниянын өкүлдөрүн кабыл алган Чек арада чатак чыгып, жүк ташуучу машинелер Казакстанга өтө албай чакырымдап тизилип турат, бюджет тартыштыгы абдан чоң. Премьер-министр болсо "тергөөгө кийлигишпейин" деп убактылуу эс алууга кетти. Тарых музейи, ТЭЦ сыяктуу коррупциялык иштер жылдап тергелип жатат, эмне бул иш бир жумада эле тергелип бүтөбү? Же бир жыл бою тергөө созулса, кыргыз эли бир жыл өкмөт башчынын ишке чыгышын күтөбү? Арыдан бери болуп, чечкиндүү кадамдар керек азыр. "Свои" деп коргогон менен, болбой калды бул жагы. Менде күч органдарына дагы бир конкреттүү суроо. Жакында Казакстандагы "Верный капитал" инвестициялык компаниясынын жетекчиси, Билайндын кожоюндарынын бири Ерлан Оспанов жана Билайндын Кыргызстандагы жетекчиси Евгений Кражан премьер-министр Абылгазиев менен жолугушкан. Билайндын чоңдору менен өкмөт башчы жыштыкты сүйлөшпөсө, кайсы темада сүйлөшүү болду? Эмне үчүн жолугушуу коомчулукка чагылдырылган жок, өкмөт башчынын кимдерди иш убактысында кабыл алганы ачык болушу керек да. Ошол жолугушуунун протоколун, хронологиясын элге жарыялап койсоңуздар, эмне тууралуу сөз болду, албетте, Билайндын өкүлдөрү менен төө бурчак же футбол жөнүндө сөз болмок беле, эмне үчүн так ушул жыштыкты аукционсуз, бекер алган компаниянын өкүлдөрүн премьер-министр мырза кабыл алган?
Загрузка...
560   64
22.05.2020
Боорукер, жароокер жарандарга рахмат! Мекендештерди иш жүзүндө колдоп, ушундай оор абалда кирешесинен бөлүшкөн жарандарыбыз көп экени мени ого бетер кубантты. Москвадагы @janylan_ru баштаган ишти Түркиядагы журтташтарыбыз улантып, Мираскар Агенттиги Анталия демилгени колго алды. Өзү он жылдан ашуун мигрант болуп иштеп келген, Жалал-Абаддык ишкер жердешибиз 300 миң сомун Москвага которду. Депутат @mamataliev_marlen да жардам колун сунду, 50 миң сомду Москвага өзү которду. Нурусланбек Байзаков айыл чарба тармагындагы ишкер, кечээ Түркияга 30 миң сом каражат которду. Жогорку Кеңештин төрагасы депутат Абдывахап Нурбаев (Abdyvahap Nurbaev), Каныбек Иманалиев үчөөбүздүн кайрылуубузду четке какпай, 100 миң сом бөлдү, анын 80 миңин Москвага, 20 миң сомун Түркияга котордук. (ошондо Түркияга 50 миң которулду кечээ, бул менин акчам эмес). Кореядан Эмил байке, Прагадан Венера эже, иши кылып ким колунан келишинче тыйын берип жатышат. Москвадагы балдар ар бир жардам алгандардын ыраазылыгын Сиздерге айтып жатышат, урматтуу кайдыгер эмес жарандар! Карайлап турган мусаапырга эсебине 2 миң рубль түшкөн деле убактылуу жакшы жардам болот экен. Элибиз жакшы, ушундай шартта көптөп отуруп 1 миллион 150 миң каражат чогулта алыппыз. Дагы да иш уланууда, төмөнкү дарекке байланышсаңыздар болот.
13557   487
17.05.2020
Эне камы, тилеги, батасы. Ар жыл сайын май айынын үчүнчү жекшембисинде "Энелер" күнүн белгилеп келатабыз, бардык энелерди куттуктайм! Учурдан пайдаланып тестиер кезде апамды ыңгайсыз кылган бир эки учур эсиме келди, бөлүшөйүн достор, эми ушунча ынак болуп калдык дегендей:) Беш жашта болсом керек, Тагай абам бир жакшылыгын өткөрүп, алыскы жайлоосуна ЗИЛби же виллис мененби, иши кылып топурап тойго жөнөп калдык. Денис досума ошондо шаардан сапсары, жазуулары бар, сонун кепка сатып беришиптир ата-энеси. Улам анын кепкасын шынаарлап, мага да ушундай кепка алып бергиле деп чоеңдоп баштасам, апасынан сурап мага кийгизип койду апам, тойго кийип барып келсин, кайра келип берет деп. Уяттуу туугандарга баратабыз, өзүмдүкү деп эле кийип барып келесиң деди. Бир кезде тойдо көңүл борбору мага бурулуп, ой азамат деп мактамыш болуп жатышканда, туугандардын бири "кепкасы да сонун" экен азамат деп калса. Дароо оюма Денис дос келе калып, эдиреңдеген мен "бул менин кепкам эмес, Денистики, тойго сурап турдук, барганда кайра кайтарып берем" деп салыпмын:) Апам бир ыңгайсыз абалда кызыктай болуп калганын көрдүм эле ошондо. Майга куурулган аталаны абдан жакшы көрчүмүн, кечки тамакка атала ичели дей берчүмүн, бир күнү курук эле нан менен атала ичип отурсак, ал убакта телефон жок да, күтүүсүз эле башка айылдан жакын туугандарыбыз өтүп баратып, тийип коелу деп тамак ичип отурган үйгө түз эле кирип келишти. Экинчи сорт ундан жасалган кара нан менен, атала ичип кечки тамакта отурганыбызды көрүп калганына апам байкуш кыйла намыстанды. Кап, эт деле бар эле, продукты кенен, Жанар эле атала ичем дегенинен деп эле актангансып жатты. Тиричиликтен кыйналып калышыптыр деген ойдо калбасын деп намыстанган экен көрсө. Ыңгайсыз абал жаралган ошентип. Айтайын дегеним башка, атала ичип, жүгөрүдөн нан жеп, элдин баары тегиз кош айдап, анда да эки ат эч кимде жок, тең шерик болуп кошко салып, буудай эгип, оруп, машак терип, кырман кылып, анан тегирменге тарттырып ун камдачубуз. Анда да кошуна айылга ат менен жүрүп, Коңурбайдын суу тегирменине барчубуз. Биз эми жаш болгон үчүн, улуу муун сыяктуу жокчулукту көп көрбөдүк, бирок четин болсо да сезип калдык. Апам байкуш дайыма жакшы тамак жасап, силе