Кундуз Казыбек кызы
@kunduz_kazybekkyzy
Кундуз Казыбек кызы

Подписчики: 73319
Посты: 666
Подписки: 605
✒Основ. YOUTUBE- @solomedia.kg ✒Музыкальный редактор🎼 ✒Радиоведущая 🎧 ✒Телеведущая 💻
http://www.youtube.com/solomediakg
Загрузка...
Баткен шаарыбыздын кичинекей 6 жаштагы наристе кызы МАДИНАГА жардам керек. Учурда 3 баласын жалгыз багып жаткан Дильфуза эженин ортончу кызы МАДИНА кандын рак ооруусу менен ооруп келет. Коп жылдан бери бул кыйынчылыктан арыла албай жалгыз бой эненин корбогон куну жок. Ошондуктан келиниздер урматтуу туугандар мээримдуу мекендештер колубуздан келишинче жардам берип, ушул жаш наристе кызды арабызга кошуп алсак. Ушул эненин кайгысын болушуп жардам берсек. Жардам берууну каалаган инсандар учун. Элсом: 0774012804 Сбербанк: 5469 3800 2110 1828 БИЗ СИЗДЕРДЕН ЖАРДАМ КУТОБУЗ!

Загрузка...
650   21
18.06.2020
#менденмаалымат Япондор балдарын кантип тарбиялайт? Бир дагы бала гений же келесоо болуп төрөлбөйт. Бардыгы тарбиядан жана курчап турган чөйрөдөн көз каранды. Келечекте балаңыз кандай болоорун сиз 3 жашка чейинки берген тарбияныздан көз каранды. Бул тууралуу Масару Ибуканын "3 жаштан кийин кеч" китебинде айтылат. Балдарга скрипканы жакшы музыкант болуш үчүн же англис тилин мыкты лингвист болуш үчүн үйрөтпөйт. Эң негизги бала эмнеге жөндөмдүү экенин билүү же потенциалын ачуу болуп саналат. Ошондуктан бир нече кеңештерди билип алыңыз: ⭕️ Ымыркай кезинде баланы көбүрөөк колго алып эркелетиниз. "Колго көнүп калат" деген болбогон кеп! ⭕️ Балага түстүү карандаш, кагаздарды эртерээк белек кылыңыз. Бул фантазиясын өстүрүүгө жардам берет. Чыгармачылык изденүүсү артып, интеллекти жогору болот. ( Мен эки баламда тең чоңойгондо үйрөнөт деп, 3 жашынан кийин кагаз, карандашты карматкам. Азыр өкүнүп калам. Себеби кол жазмалары начар болуп калды😌 Азыр анын үстүнөн иштеп жатабыз. ⭕️ Сөзсүз эле балага кымбат оюнчук алып берип, түрдүү курстарга катыштыруу зарыл эмес. Балага ата-эненин көңүл буруусу керек. Өзүңүз үлгү болуңуз. ⭕️ Жомокторду, ырларды көп окуп берип, аларды жаттатыш керек. Бала 100-200 кыска ырды оңой эле жаттап алат экен. Мына ушундай кызыктуу маалыматтар камтылган, бала тарбиялоо тууралуу китеп алгыңыз келеби? Анда лентаны акмалап туруңуз. Бир нече күндөн кийин "бала тарбиясы" жөнүндөгү китептерди ойнотом📚📚📚
616   20
16.06.2020
Апасы кошуна аялдан туз сурап жатканын уккан баласы: “Апаке! Кечээ базардан бир баштык туз алып келдим эле, эмне үчүн кошунадан дагы туз сурап жатасыз?”- деп сурайт. Апасы: “Уулум! Кошунабыз колунда жок кедей адамдар. Алар дайыма бизден муктаж болгон нерсесин сурап турат. Мен андан бир аз гана туз сурадым, чоңураак нерсе сурап ыңгайсыз абалда калтыргым келген жок. Негизи мага туз керек эмес болчу, бирок туз сураганымдын сыры башкада. Алар менден бир нерселерди сураганда уялып, кысталып калбастыгы үчүн, мен дагы кээде аларга муктаж болуп тураарымды сездиргим келди”- деп жооп берет. Бул - алтын тамгалар менен жазыла турган адеп-ахлактын туу чокусу... Эгерде аял жакшы болсо, анда ал уул-кыздарына үлгү боло алат. Ал эле эмес, жалпы элди туура багытка баштай турган жакшы урпакты, келечек муунду тарбиялап өстүргөн мектеп болот... Кошуналардан кабар алып, ал-жайын сурап туруңуз.