Abdishukur_Narmatov️️
@nasaat.kg
Abdishukur_Narmatov️️

Подписчики: 1667319
Посты: 2981
Подписки: 0
Шейх Абдишүкүр Нарматов. КИУнун Ректору.Эскертүү, суроо-жооп болбойт.❌ Ютуб каналыбызга катталсаныздар болот... 👇🏻
https://www.youtube.com/user/ruspatriotkg


 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
13234   92
13.05.2020 Bishkek, Kyrgyzstan
РАМАЗАН АЙЫНЫН ЖЫЙЫРМАСЫ. @nasaat.kg Рамазан айынын акыркы он күндүгү баарыбызга берекелүү болсун. Ушул күндөрдө Аллах Таала бизге бекем ден-соолук берип, кылган ибадаттарыбызды кабыл кылсын. Бизге мээримин, кечиримин жаадырып, тозок отунан кутулуучулардын катарына кошсун. Рамазан айынын ар бир түнү Аллах Таала тозоктон азат кылуу үчүн көп адамдарды тандап алат. О, асмандар менен жерди жараткан кудурети чексиз Аллахым! Менин, ата-энемдин, бир-туугандарымдын, үй-бүлөмдүн, жакындарымдын, кошуналарымдын, жоро-жолдошторумдун, бардык тааныштарымдын, ушул дубаны окуп жаткан мусулман эркек жана мусулман аялдардын баарынын ысымын тозок отунан азат кылынгандардын катарына кошо көр! Кадыр түн Рамазан айынын акыркы он күнүнүн так түндөрүнө катылган. Кадыр түндү табуу үчүн, төмөнкү так түндөрдү ибадат, намаз, дуба, зикр менен өткөрүү зарыл. Түн, Шам намазынын убактысы киргенде башталып, багымдат намазынын убактысы киргенде бүтөт. Шаршемби: Рамазандын 20-күнү, 21-түнү. Жума: Рамазандын 22-күнү, 23-түнү. Жекшемби: Рамазандын 24-күнү, 25-түнү. Шейшемби: Рамазандын 26-күнү, 27-түнү. Бейшемби: Рамазандын 28-күнү, 29-түнү. Ушул куттуу түндөрдө окулуучу үч дуба бар. Ким ушул дубаларга бекем болсо, тилеги орундалат. 1. "Аллохумма иннака афуввун кариимун, тухиббул афва фаъфу аннаа". Мааниси: "О, Аллахым! Сен Кечиримдүү жана Берешенсиң, кечиргенди жакшы көрөсүң. Биздин күнөөлөрүбүздү кечире көр!". Бул, Пайгамбарыбыз Айша энебизге үйрөткөн дуба. 2. "Аллохумма иннаа насалукал хусна ва зийаадатан". Мааниси: "О, Аллахым! Биз Сенден бейишти жана бейиште Өзүңө жолугуп, нурлуу Жамалыңды көрүүнү сурайбыз". 3. "О, Аллахым! Бизди кадыр түнгө туш кыла көр. Жана миң айдан артык болгон кадырлуу кечеңдин кадырына, берекесине туш болууну насип кыл!" Эскертүү, макалага алымча-кошумча кылып өзгөртүүлөрдү кийрибеңиздер, жана автордун укугун бузуп, шилтемлереди да өзгөртпөңүздөр… Бул макала Nasaat.kg сайтына гана тийешелүү. #устаз_абдишүкүр_ажы_нарматов #устазабдишукурнарматов #шейх_абдишукур_ажы_нарматов #кадыртүн #аяты #хадисы #аллах #пророкмухаммадﷺ #ислам #коран #ислам #кыргызстан #бишкек #iftar ##рамазан #орозо #кадыртун #nasaatkg @nasaat.kg
Загрузка...