Суйкайып, сулууланып, түрлөнүп түркүн көйнөк кийип, көгүчкөндөй кулпуруп, койкоктоп кыз боло элегиме көөөөп болду. Ыңгай анан жылуулук сулуулукту көмүп кетти. Өзүмдү карап, өзүмө көңүл бөлүп, өзүм үчүн жашабай жатамбы же алар мага кызыксыз болуп калдыбы? Кызыксыз болуп калса эмнеге? Жашоого оюм өзгөргөн үчүнбү же жеке жашоо тынч болгону үчүнбү? Шиш таканы көрөйүн деген көзүм желкеде. Шакек, сөйкө тагынбай калганыма да көп болду. Көйнөк кийгенден качам. Ыңгайлуу шым, чокой, иши кылса жылуу жемпир. Калганы мн баш оорубайт. Түрлөнүп турган кесиптештеримди карап суктанып коем. Съемкага барып келем. Үйдө жаткан жагып, ашыкча кымгуут ызы - чуудан качып, жалгыздыкты эрмектейм. Убакыт өткөн сайып сүйлөгөндөн да эринген, бар - жогу билинбей, көпчүлүктөн качкан, көрүнгүсү келбей, жашынган башка эле Назира чыгып келе жатат. Кечээ отуруп алып, сулуу кыз болгум келди. Жалаң кемпир, аял, үй кожойке, боюнда бар аялдарды аткарып жатам. Алардын сулууланбай, ыңгайлуу кйингени, жасалмалуулугу жок болгону жагат. Жакшы эле көрүнүп атамбы деп башың катпайт. Түрүңдү келиштирип алып аткара бересиң. "Өзүңдү сүй" дү эң көп мен кыйкырам. Эмнеге анда сүйбөй атам? Же тескерисинче өзүмдү сүйүп, эл эмне дейт мн ишим жок, ыңгайым, жылуулук, ден соолук алдыга чыгып кеткендир....жаңы Назира ортого чыкты, айтор. Сулуу кызга айланып коюш кк эле...