Менин балам, баламдын балдары кандай өлкөдө жашайт? Ошол мени тынчсыздандырат!
Бүгүнкү күндө өлкөнүн абалы, саясый абал мени канааттандырбайт. Эртеңки жарык келечегибизден күмөнүм бар. Ишенип, күтүп, ообузубузду ачып жүрүп, отуз жыл өттү. Эки төңкөрүш, бийликке каршы күрөш оңунан чыккан жок жана майнап берген жок. Жөн эле бөөдө өлүм болду. Мурункунун акчасын кийинки ээлеп, иштемиш болгон сүрдү көргөзүп, жең ичинен ичип - жеп, ирип келе жатышат. Кыргызстандын жараны катары жана уулумдун келечегин ойлогон эне катары коңгуроо кагам. Туура эмес жолдо баратабыз! Туура эмес адамдар бийликте отурат! Кимдин эмнеге шыгы бар, колунан кандай кокон келет көрдүк. Шайлоо жакындап калды. Көзүбүздү чоң ачып, көкүрөгү тазаларга шайлап калсак, кутулганыбыз. Эски адатыбызга сала турган болсок, ушуну менен үмүтүңдү үзүп, өз алдынча ар кимиң оокатыңды кыл дегендик. Ансыз деле оокатыбызды кылып жүрөбүз деңизчи бирок биротоло өлкөм, желегим, мекеним деп өпкө какпай калаарыбыз бышык. Анткени белчебизден сазда болобуз. Уурдап жетишкендер келемиштей чөгүп бараткан кемеден качкан сыңары кача берет. Менин балама, сенин балаңа океандын түбүндө баткан кемедей өлкө калат. Азыркы тапта ар бирибиз биригип, бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып, Манас атабыздын жети осуятын кыт кылып куюп, үмүттүн шамын жагып алып, керт башыбызды ойлобой келечегибизди ойлоого мезгил келди! Эски көздөр этегиңерди жыйып, жаңы көздөргө орун бергиле!