Кыштын чилдесинде жылаңач калып калгандай жан дүйнө кылч - кылч титиреп, тиш тишке тийбей, бүрүшүп, карманаарга тал , жөлөнөөргө зоо таппай, элеңдеп, коркуп, каякты көздөй бут шилтесем, аңга аңтарылып түшпөйм деп турган кезим эле. Үч жыл....жан дүйнөмдү теңтерип, көзүмдү умачтай ачып, жоголуп кеткен "Менимди" жетелеп келип карматкан, кайрат берип, күчтөнтүп, тыңыткан үч жыл...чындыгыман адашыыып жүрө берген экенмин. Таттуу уйкуда болгон жолду да басыш керек болчу тура тагдырымда. Бирок таттуу болду. Ойгонгум келбей, маңдайыма келген сындан баш тартып, башка дүйнөгө качкым келди. Чирендим. Тагдырыма ай балта көтөрүп алып каршы чыгып, аеосуз салгылашкым келди. Кабыл алыш кыйын болду. Ал бороон чапкын бүгүнкү көрө турчу кызыктуу күндөрүмдүн учун эле көргөзүп, көз ымдап койсо эмне? Анчалык чалкаман кетпейт белем? Ким билсин... үч жыл...жаратыңдын бүтөлүп, көз жашың тыйылып, күлгөндү, кечиргенди, кое бергенди, бакытты кабыл алганды, ал тургай, чын дилден сүйгөндү үйрөткөн үч жыл. Ачуусу көп, шыпаасы бар, дабаасы мол үч жыл. Үшүбөй калды жан дүйнөм... #жөнэлеойлор