Ынтымагыбызды күчөтүү үчүн:
1. Көп улуттуу өлкө экенибизди түшүнүңүз. Көп улуттун өзүнүн ишеними, адаты, маданияты, тарыхы, салты, дини бар. Аларды сыйлаганды билүү кажет. Сыйлайт десе эле адардын салтын, маданиятын, динин, дилин ээрчип кетүү эмес. Алгач өзүңдүкүн бийик тутасың, бирок алардыкына сый мамиле жасайсың.
2. Ош жергеси Өзбекстан, Баткен жергеси Тажикстан, Талас жергеси Казакстан мн чектеш. Ошон үчүн алардын тили кооз. Ал биздин кыргыз тилибизге көрк берет. Ар бир диалектини кооздугу мн кабыл алуу кажет.
3. Канчалык алыстан куда күтсөң, ошончолук сонун. Башка аймакты таанып, алардын кызыктуу, өзгөчө салтына күбө болгон керемет. Муну модага айландыруу кажет.
4. Көбүрөөк бири бирибизге конокко келип, бири бириздин меймандостугубуз көрсөтүү кажет.
5. Телевидениеге ар бир аймактын өзгөчөлүгү тууралуу кеңири маалымат иретинде ар кыл берүүлөрдү жасоо.
6. Бала ата - энесинин сөзүн, мамилесин тыңдап, көрүп үлгү алат. Кайсы бир аймакка карата туура эмес пикир айтып, же терс мамиле кыла турган болсоңор , балдарыңар да кайталайт. Муундан муунга жек көрүүнү, туура эмес мамилени өткөрүп келгениңер үчүн бөлүнүү бардыр бизде. Ошон үчүн азыркы муун балдарыбызга ынтымакты үйрөтүп, мен көлдүк болсом, Ош, Жалал Абад, Талас, Баткен, Нарын, Чүй облустарын андан да артык сүйүүгө үндөөбүз кажет.
7. Таанышканда " Кайсы жердиксин? " суроосун бербөөнү үйрөнөлү. Адамдын жан дүйнөсүнө үңүлүп, анын жакшы тарабын издегенди адат кылуу керек.
Дагы кошумчаңыз барбы?
______________________________________________
чач жасалга : @eva__hair
Макияж: @sadyrbekova_aiganysh