ОТЛИЧНИК КУЛЬТУРЫ, ПЕВИЦА НЕЛЯ
@nelya_nurkulova
ОТЛИЧНИК КУЛЬТУРЫ, ПЕВИЦА НЕЛЯ

Подписчики: 1649492
Посты: 2947
Подписки: 64
0555157675 0706157675 По вопросам сотрудничества пишите в DIRECT Подписывайтесь на наш You tube канал 👇👇👇
https://www.youtube.com/channel/UCuANqkBOC2p_AZcdKMhEX-g


 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
12532  
30.01.2020
БАЛА ТАРБИЯЛОО БОЮНЧА АТА-ЭНЕЛЕРГЕ НАСААТ @taalim__ баракчасынан алынды. 1. Балдарыңа “Лаа илааха иллаллах” келмесин кыргызча мааниси менен кошо үйрөт. Келменин кыргызча мааниси “Аллах гана сыйынууга татыктуу” же “Аллахтан башка сыйынууга татыктуу эч бир Зат жок” экендигин терең түшүндүр. 2. Балдарыңдын көзүнчө Аллахтын мээримдүүлүгүн, ырайымдуулугун дайым эскер жана алардын жүрөгүндө Аллахка болгон сүйүүнү пайда кылган сөздөрдү айт. Анткени Аллах гана бизди жаратып, бизге өмүр берди, ырыскы берди, жашообуздагы бардык муктаждыктарыбызды ишке ашырды жана бизди мусулман кылып жаратты. 3. Балдарыңды күнөө кылуудан эскерт, айрыкча жалгыз калган кезде күнөө кылуудан сактан деп эскерт. Анткени биз каерде болбойлу, Аллах Таала бизди дайым көрүп турат. Анын жүрөгүндө “Аллах сени дайым көрүп” турат деген сезимди жарат. 4. Аллахтын ысымы айтылган сөздөрдү көп айт, мисалы, тамак же суусундук ичерден алдын “Бисмиллах” деп айт, бүткөндө “Альхамдулиллах” деп айт. Бир нерсеге суктанганда же таң калганда же сүйүнгөндө “Субхааналлах” же “МашаАллах” деп айт. А эгер бир ишти аткарууга убада кылсаң, же бирөөгө убада берсең “ИншаАллах” деп айт. 5. Балдарыңа Пайгамбарыбыз тууралуу жана анын кулк-мүнөзү, жүрүм-туруму, анын сыпаттары тууралуу айтып бер. 6. Ыйманга тыгыз байланышкан кээ бир суроолорду бер, мисалы, “Раббиң ким? Диниң эмне? Пайгамбарың ким? Аллах бизди эмне үчүн жараткан? Бизге ырыскы берген, бизди тамактандырган, суусунубузду кандырган, бизди кийиндирген ким?” деген сыяктуу суроолорду маал-маалы менен сурап тур. Ошондой эле Исламдагы эң чоң күнөө – ширк экенин жана ал кечирилгис күнөө экенин түшүндүр. Адам Аллахка гана сыйынып, Андан гана сурап, Ага гана таяныш керек деп Аллахтын кудуреттүүлүгү туурасында дайым айт. Толугу менен @taalim__баракчасынан окусаныздар болот
Загрузка...
11789  
08.10.2019 Frunze, Bishkek, Kyrgyzstan
Жакшы окуя экен, созсуз окуп коюнуз. Суу жана туз Бир акылманга айылдашы келип даттана берет. Турмуш ага жалаң гана кыйынчылыктарды бергенин, эмне иш кылса да кыйын болуп, азап тарта берерин айтуудан тажабайт. Кошунасынын ийгилиги тууралуу айтып, ага Кудай баарын бергенин, иштери да жакшы жүрүшүп, балдары да тарбиялуу, жакшы чыкканын, өзүнүн балдары тентек экенин, жакшы бир иш кылууга убактысы да, мүмкүнчүлүгү да болбой жатканын айтып, арыздана берет. Ошондой күндөрдүн биринде акылман ал адамды туз алып келгени жиберет. Бир чыныга суу куюп, ага алып келген туздан бир кочуш салып , ичүүсүн буюрат. Чыны оозуна тийип - тийбей ал адам түкүрүнүп , чыныдагы сууну алыс чачат. - *Ачуу бекен ? - деп сурайт акылман.* *- Ии , аябай ачуу экен, - дейт анда айылдашы .* - *Эми жүр , - деп , анча алыс эмес жердеги көлгө алып барат да, көлгө да бир кочуш туз салат .* *- Эми көлдүн суусунан ичип көр, - дегенде , ал адам эңкейип , суусуну канганча ичет .* - *Суунун даамы кандай экен ? Туздун даамын байкадыңбы ? - деп сурайт андан .* - *Суунун даамы сонун , муздак экен . Туздун даамы такыр жок .* *- Турмуштун тузу баарына бирдей берилет . Болгону , бир чындыкты түшүнүүң керек: адамдын пейили - суу ! Айрым адамдар пейили кенен көл болот, турмуштун тузу канчалык болсо да, татымын билгизбей, жашоосун жакшы жакка багыттай алат. Ал эми ичи тар, башкалардын ийгиликтерин көрө албас адамдар чыныдагы суудай болот. Аларга кичинекей туз да даамын чыгарып, ачуу боло берет. Ошондуктан же пейилди кенен коюп башкалардын жакшылыгы үчүн кубанган " Көл " болууң керек же чыныдагы суудай болуп турмуштун тузунун даамына чыдооң керек . Чечим сенин колуңда, - дейт.