Nurlan Nasip
@nurlannasip_kg
Nurlan Nasip

Подписчики: 2264506
Посты: 3044
Подписки: 147
Тел: +996 559 609-090
http://www.youtube.com/c/NurlanNasip
Загрузка...
Былтыр ушул күнү, ушул саат, ушул мүнөттөрдө, сенин жарыка келишиңди баарыбыз күткөн элек! Сен жарык дүйнөгө келип мен Ата деген статуска ээ болдум кызым☺️ Бала жыты,баланын кылыктары бала канчалык таттуу экенин сен билгиздиң бизге кызым😍 Элимдин батасы тийип келечегиң кең ыймандуу, акылдуу эстүү кыз бол жаным ❤️ Туулган күнүң менен жөжөм 🐣 #АтасынынДанеги❤️ #Дария1жаш

Загрузка...
10749   81
05.09.2020 Bishkek, Kyrgyzstan
Сиз көрүп турган наристе Бектуров Нурел Бакаевич 1.5 жашта. Жарык дүйнөгө келген күндөн угуу бактысын сезбей, билбей жашап келет. Дарыгерлер наристеге эки тараптуу дүлөйлүк (двухсторонный глухота)деген диагноз коюшкан. Ата-энесинин элжиреп эркелеткен сөзүн, «Балам» деп балкыган үнүн, табияттын миң түркүн ажайып добушун угуп бактылуу балалыкта чоңойсо эмне?! Сиз азыр ушул видеодогу үндү угуп жатсаңыз эң бактылуу адамсыз! Ооба,көп учурда ушул өңдүү бакыттарды сезе бербейбиз… Урматтуу, замандаш! Келиңиз, Нурел бөбөгүбүзгө да угуу бактысын тартуулоого жардам берели!Ал үчүн наристеге кохлеардык имплант коюу керек.
Бүгүнкү күндө имплант коюу операциясы өтө кымбат турат. 1 кохлеардык импланттын баасы 15 000 долларды түзөт.
Албетте, мындай каражатка жалгыз бир үй бүлөнүн чамасы жетпейт. Андыктан Нурелдин ата-энеси сиздердин жардамыңыздарга муктаж болуп турат. Жабыла көтөргөн жүк жеңил дегендей Кайрымдуу, мээримдүү, боорукер мекендештер сиздерден колдоо күтөбүз.
Байланыш номери: 0709 36 32 86
Эсеп номери экранда жазылган.