3064 50
03.11.2019
NUR академиясына кабыл алуу башталды. Каалоочуларды чакырабыз! 0709 868 000 @nur_academy
_____
Эртең менен үйдөгү (сервантта турган) эң кооз идиштен чай же кофе ичүү кыйын эмес.
Кошуналар менен "Ассаламу алейкум" деп учурашып коюу кыйын эмес.
Үйдүн жанында дайыма соода кылып жүргөн, дүкөндө иштегендерге берекелүү күн каалап коюу кыйын эмес.
Сизди тиешелүү жерге жеткирип койгон маршрутканын же таксинин айдоочусуна "Рахмат" деп айтуу кыйын эмес.
Сизди жолдо өткөрүп койгон машинага, ыраазычылык билдирип баш ийкеп койгон кыйын эмес.
Көчөдө таштанды таштабоо кыйын эмес.
Артыңда келе жаткан адамга ыңгайлуу болсун, кыжалат болбосун деп, каалганы кармап коюу кыйын эмес.
Кимдир бирөөнү жөөлөп кетсеңиз, кечирим сурап коюу кыйын эмес.
Бирге иштеп жаткан кызматчыңа комплимент айтып коюу ОҢОЙ, көзү гана сулуу болсо дагы.
Кандай СОНУН официант менен досуңдай сүйлөшүп, ага чайга акча калтырып, ал өзүн дүйнөдө эң жакшы кофе жасагандай сезип калса, ага жагымдуу.
Кандай КЕРЕМЕТ ажылдап аткан адамга теңелбей бир даража өйдө болуп, ага жооп кайтарбай коюу.
Кандай СОНУН кичүүлөргө атайын алтындай убакытын бөлүп, көңүл буруп колдоо көрсөтүп койгон. Кандай сонун, жумуштан кийин үйдөгүлөргө таттууларды ала келүү, бүгүн майрам болбосо дагы.
Кичинекей жагымдуу нерселер биздин жашообузду нурлантат!
Текст Данияр Чормошевдики.
___
Макияж жана чач жасалга @nurjan_beauty 👍