Salamat Sadykova
@salamatsadykova
Salamat Sadykova

Подписчики: 133545
Посты: 5187
Подписки: 4918
The Voice and Diva of Kyrgyzstan🇰🇬 Honored Artist of Kazakhstan🇰🇿 Жаңы клип 👇
https://youtu.be/fUoskkvImlI


 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
163   8
25.05.2020 Bishkek, Kyrgyzstan
Адамзатты элендеткен,ой санаанын тупкурундо кадимкидей келер кундун тусу,уну кандай болот дегизген жер бетиндеги тазаруга,табийгаты корком сулуулуктан буткон тируулуктун кадырын билгизип,кашыбыздагыны кастарлоого мумкундук жиберген улуу кудуретке чексиз шугур! Буйруса уурулуктан кордуктан,эстууну ээрчибей эси кеткенди эрчиген эсиргендерден айланабыз тазаргандыр ,эрчибейт неге баатырын элдиги кайда бул элдин дегизбей,улуу элдин урпактарына ыйман берсин,акыл парасат пайым берсин жараткан эгем! Таажысын кийген тажаалдын да кетерине аз калды,артына кайрылбасын,келген жагынан адашпай,эсен аман жетип алсын! Ракмат сага Таажыгул алааматтын катмарын,алапаттын астарын корсотуп кутурган тойгон кудайдын кулдарына коздорун ачканына! Акылмандар айтат экен тунгуюктан чыгар жолдун бир тууганы бийиктикте «-деп демек муздар ээрип,чымда жибип,бейиштин жыпарын чачкан жаздын кучагында жер эне берекесин ыроолосун,бешиктеги балдарыбыз эне сутунон эркелеп там тун бассын,ата салтын бузалбайбыз,буйруса курулдогон кузундо биз энелер дасторкон жайып,сары май оозантып жентек тойго жетелик 🤲🤲🤲☀️Чон сыноодон чогуулап жениш менен чыгалык! Жакшылыктын нышанасы болдун таажыкан тумчуккан рухту ойготтун деп жакшыга жооруп узаталы 🤝#коронавирус2020 #goodbeycorona #келжакшылыкэлиме #вселеннаяслышит #вселенная #ааламда_амандык @salamat_sadykova_1
Загрузка...
409   13
18.05.2020
COVID 19-дейбизби,же таажысын кийген тажаал дейбизби айтоор жер асмандын колу бутунан,тушап маалыматтык айдындагы тирешуулордун тамырына акылы жетип турган замандын мезгилдин кырын сырын,бутундой адамзаттын сабырын сынап жатканына эки айдан бери уйдобуз! Жараткан эгем озу пендесин бул жарык дуйного жаралгандан бардык кыйроолордун,кыямат булгундордон эсен аман урпагы уланып келатат жаманын ылгап жакшысын талдап,олдум буттум дебей,чыйралдым,чыналдым жыйналдым деп ,касташкандын канын ичууго маш Жолой менен Манас баатырдын басып откон кандуу тирешуулорундо да ажалга тике караган ,акылман элдин арасында ак ниет ак пейил аксакалдарынын кенештеринен,ак батасына таянган уулуулуктун улгусун корсоткон корогон косом элдигибизден бугун да адашпасак экен.Колдун теренине тушсо болот,тоонун чокусуна чыкса болот «-дегендей ,ушул акыркы айлардын ичинде уйундо олтуруп сабыр менен жашоонун жаныча талабына,коомдогу озгочо кырдаал тузумуно албетте жапырт Кыргызстандыктар биримдикти,кайраттуулуктун улгусун корсото алышты деп ойлоймун! Шаардын ичиндеги тартипти козомолго алынганы,жалпы эл журттун акылмандык менен сый урматтын,ишеним умуттордун булагын корсотту,чырагын жандырып турушту деп сыймыктануубуз абзел ,жалпы элибизге таандык мактаныч шугурчулук болду,демек кудай буйруса бак береке берсин жараткан! Бирок акыйкат коз менен карап туруп айтсак,сырттагы ботон эл,болок мамлекеттерден талаа туздордо,жолдо белде калып калган Мекендештерибиздин ушул кыйын кырдаалда ансыз деле коргон куну тарткан азабы жетишерлик болду го... Оз Мекенине келгенде ички кырдаалга уу чууларга,атайын булукчул ширенке чагып табаачылдык жагдайларга жеткирбестен,маселени жан куйорлук менен камкор оз олтурбойттун жат жалгабайттан сактасын деген,мекен мээримин корсотсо болбойбу эле...Биздин жарандар биздин балким айылдашыбыз,сиздин жек жаат тууганыбыз эмеспи...Алар ансыз да бироолордун козун карап жанын тиштеп оокаттын,кор тиричиликтин кулдугунда журуп келишти,уйлоруно баргысы жакындарын коргулору келип чанкоосун кандырып оз уйндо ысык чайын ичууго толук укуктуу деп ойлоймун! Кандайдыр бир жолдорун тапса неге болбосун.башкы байлык элибиз аман болсун!
665   86
17.05.2020
Энекем Мария асыл энем жарык дуйнонун ырахатын корбой кеттиниз...Сизди ажал мен сегиз жашымда акыретке алып кетти...Менин энем макалдатып суйлогон чачы согончогуна тушкон,мурду кырдач,бетинде калы бар коздорунуз карагаттай ашкере сулуу бойдон коз алдымда элестеп турасыз! Ийне кармап жибин саптап сайманын турун сайар элениз,курактарды кураган,чебер бычмачы чапандан бери тигип салган иштуу жан элениз! Менин кулагымда сиздин торкундорунузду сагынган создорунуз жанырып келет...Ош Мады,Алай,Гулчо,-деген создорду коп айтчусуз...Эми тагдыр деген татаал жолдо мен зирек,чыйрак,чыдамкайлыгымдан сизден кийин томолой калган кундон ичимдеги кудуреттуу куч менен суйлошуп сырдашып журуп жетилдим,остум багымды да куттурбой кудайымдын парманасы менен эртелеп Аял Эне деген даражага да эгедер болдум! Жаратканга чексиз шугур топурагы касиеттуу элдин келини мыкты азаматтын суйгон жары болдум! Эки кыздан сыйга тунуп,бакыттын бар кызыгын,тируунун козу корор ырыскы доолоттуу кыргыз деген улуу элдин кызымын! Неберелеримдин бал тилинен балкып турган чактамын тобо шугур. Кыздарыма бар тапканымды аянбастан остурдум,эл катары карыны ток усту бутун осушту,заманына шай акыл эстуу,куйумдуу жароокер жар болушту,кыздарымдын оз казаны озундо майлуу жайлуу конуштары,пейилдери бершен энелерден болгонуна кубанам.Мен алардан билбегенимди билбеймин деп керек болсо тажрыйба болшуп,курбу сымал сабак алып,менден да зирек,менден да сарамжал,ак конул асылкеч билими жетик уйлорундо шам болуп,бала тарбиялап жаткандарынан жашарамын,санаам жайлуу конулум назик бойдон тан тосуп,бакыттын кемесинде бакыттын ырын ырдап келемин! Эне болуу зор бакыт! Кабырыныз жарык болсун жаным Энем! Кайсыл бир куну ичер суум буткондо,кыздарымдан конулум тынч,эч армансыз сизге барар жолугар кунго да ыйманымда акылымдан адаштырбай суналармын! Ааламдын жарыгы да кызыгын корсоткон асылзат Энелерге таазим!