Сыймык Бейшекеев
@syimykbeyshekeev
Сыймык Бейшекеев

Подписчики: 170992
Посты: 421
Подписки: 69
Иш чаралар концерттик суроолор үчүн ➡️0703003070⬅️ чалыңыздар. YouTube каналыма ушул шилтемеге кирип катталыңыздар. 👇👇
https://www.youtube.com/channel/UCduZ3oNKMyJuqsNNGpi0qjA


 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
Загрузка...
1298   85
06.04.2020
Биз, көп нерсеге баам салбай аткандайбыз, кадимки жай турмуштагыдай бири бирибизге акаарат келтирип акыйнек айтышууну токтотпой келебиз, айлананы карайлы, дүйнө жаңылыгына үңүлөлүчү, эмне деген алаамат болуп атат?... ажал кылычын кындан сууруп ар бир өлкөнү айланып, ар бир үйдү акмалап жүргөндөй... Оо бурадарлар артка кылчайып карайлычы, мындан туура 20 күн мурун биздин өлкөдө бул оорунун белгилери жок эле, а бүгүн болсо 216 мекендешибизге жугуп, 4 жараныбызды арабыздан сууруп кетти шум ажал, аларга уул кыздары, туугандары да топурак салалбайт экен, демек биздин өмүр коркунуч алаканында турат, ал коркунучтан кимибиз суурулуп чыгарыбызды бир гана Кудай билет. Бир сөзгө жармашып бири бирибизди төө бастыга алганды, ашынган фанат исламчы менен теңирчи болуп жаакташканды токтотолучу, биз бири бирибизге жакшы сөз арнай албасак топурак да салабай калуубуз мүмкүн экенин аңдайлычы, оо АДАМ баласы сураныч, тигил ооруган деле эмес экен, врачтар жөн эле акча жемей кылып атыптыр деген былжыраган сөздөрдү, видеолорду бөлүшпөй эле коёлучу, өлкөнүн короосуна кирген коркунучту жеңүүнүн жолун үйрөтөлүчү андан көрө бири бирибизге... #ишеним_үмүт_сынбасын #кудайколдосун
1595   61
31.03.2020
Урматтуу мекен жана тартип сакчылары, түшүнөм абдан катаал шартта өлкөнүн коопсуздугун тизгиндеп турасыңар, Кудайдан силерге ден соолук, амандык сабыр сурайм, чоң өтүнүч ушул унаалар ак халатчандарды ташуу үчүн, коркпой ден соолугун тобокелге салып жардамга келишкен, баардык уруксат кагаздары (пропуск) жайында, мамлекетке казынага жардам болсун деп достор менен күйүүчү майынан бери чечип берип атабыз, болгону шаарга эртең менен кирүү азап болуп атат, блок посттордо 1-2 чакырымга жеткен тыгын болуп жатат дейт, түшүнүү менен ооруканага бараткан врачтарды кезек күттүрбөй өткөрүп койсоңуздар, урматтуу мекендештер, ушул кичи автобустарда адам өмүрүнүн сакчылары баратат, балким сиз экөөбүздүн жакындарыбыз да болушу мүмкүн, сураныч атаандаштык кылбай түшүнүү менен жардам берип кезексиз өткөрүп койсоңуз чоң жардам кылган болосуз!!! (маалымат батыраак жетүү үчүн бөлүшүп койсоңуздар.) #мекен_сабырдуулука_чакырат #үйдөбол