𝒰𝓂𝓊𝓉𝒶𝒾 𝒜𝒷𝒹𝓎𝓈𝒽ℴ𝓋𝒶
@umutai.abdyshova
𝒰𝓂𝓊𝓉𝒶𝒾 𝒜𝒷𝒹𝓎𝓈𝒽ℴ𝓋𝒶

Подписчики: 77523
Посты: 2781
Подписки: 368
Ссылка "Абышканын арманы" ⤵️⤵️⤵️
https://youtu.be/zKkA9kUJXLc
Загрузка...
Biskek , Kyrgystan
Түш- өңүндө көрө албаган уйкудагы көз ирмем. Далай убакытты ичине камтыган түштү көз ирмемде көрөт экенбиз. Мен, күндө түш көрөм. Бирде жакшы, бирде жаман. Кээде кубанып ойгонсом, кээде чарчап ойгоном. Түштүн бир артыкчылыгы, оо дүйнө кеткен жакындарыңды жанынан көрүп, кадимкидей сүйлөшкөнгө өбөлгө түзөт. Бала кезимде уйкудан туруп-турбай апама көргөн түшүмдү айтып берчүмүн. Бул адатым эле. Кандай түш көрсөм да, жообу "Жакшы болот" эле. Ошол сөздү угуу ырахат тартуулачу. Аны, "түштүн моюну кылдай ичке, кайда буруп, кандай жорусаң, ошондой болот" деп түшүндүрчү. Эми ыраматылык апам жок, бирок аны менен ар дайым түшүмдө кездешем, баарлашам. Бүгүнкү күндө бир нече түш көрсөм да, унутуп калчу болдум. Кээде өзөгүн эле эстеп калам. Түш жоруганды билгендер, алдына жазып калтыра кетиңиздер. Кандай түш көрсө, кандай болот?👇👇👇 #сон #просон #сонниконлайн #сонник #үмүтайабдышова #умутайабдышова #түшкөрүү

Загрузка...