3663 121
29.02.2020
Жүзүбүзгө сүрөт тарткан сыңары, жан дүйнөңдүн карасын агартып, кемтигин түздөп, тырыгын боегонго мүмкүн болсо...жүзүңдүн боегун жуусаң кетип, эски кейпиңе түшөсүң. А жан дүйнөнүкү түбөлүк болсо. . Супсулуу, таза бойдон калса. Жаныңа жологондун баары жан дүйнөңө суктанса. Каш, кирпик жасоодо атаандашпай, жан дүйнө жасоодо атаандашсак, жарышсак. Сулуулук ошондо дүйнөнү сактамак! Сырткысы сактаарын Кудай билет, бирок ичкиси сактайт! Аны так билебиз. #жөнэлеойлор