сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
578   44   4448
26.04.2020
Урматтуу калайык! Бүгүн кеч кирип таң атса, Элмирбектин бул жарыкчылыкты таштап кеткенине бир апта болот экен. Сыймык Бейшекеев иним үч-төрт күн мурун Элмирбек жөнүндө элге сунуш айтып жатканын кулагым чалды эле. Мен: "Ал сунушту айта турган убак да келээр" - деп, көп көңүл бурган эмес элем. Эми ойлосом, бул маселени туура эле, убагында козгоп жаткан экен. "Жер суутат" демекчи, убагында айтып, чечилип калбаса, бара-бара унутулбаса да, кызуу колдоп жаткан элдин каалоосу сууп калчудай. Айта турган болсом, Элмирбектин эл үчүн кылган кызматын, кыргыз-казакка болгон кадыр-баркын мен айтпасам да элдин баарына, мамлекет башчыларга чейин белгилүү. Себеби: Элмирбектин ар бир кылган эмгеги, кээ бир ишкерлердикиндей жашыруун эмес, эл алдында, эл менен айдан ачык экен. Ошондуктан, ысымын ыйгаруу маселеси, мараторийдин убактысы бүткөндөн кийин талкууланаар?... Ал эми Сыймык Бейшекеев сунуштаган кандайдыр бир, жаштарга шык бере турган мамлекеттик сыйлыкты Элмирбек атындагы деп белгилесек, мындан да өнөр багып, өнөр баалаган эл экенибизди далилдеген болоор элек деген ой-пикирге кошулаарымды билдирем! Бул сунушту бүтүндөй "Мен кыргызмын!" деген ар бир жаран. Колдоору белгилүү! Элмирбектин ырларын боордош казак, түрк элдери да жандуу оркестр менен ырдап жаткандыгы бекеринен эмес. Сөзүм кур болбос үчүн, Элмирбегибиздин "Булбулум" аттуу ырын боордош Казак Элинин белгилүү ырчылары Оңал Азаматова менен Гани Матебаевдин аткаруусунда угуп койсоңуздар!
2955   131   44706
26.04.2020
Алгач Күзгү нөшөрдү 1997 жылы чыгарганымдан кийин 1 ай өтүп радиого барып жаздырып келдик, Көлмө конушунда шарты жок кичинекей времянкада байлыгы ашкан байлардай жашайт элем, себеби күнү куру эмес чыгармачыл досторум Элмирбек асылым, Шекербек @shekerbekadylov акыным, Урмат @urmatbatyrkulov жакыным маанайымды майрам кылып, картөшкө кууруп жесек казы карта жегендей, китлап басып жесек кийиктин этин жегенсип чыгармачылык ырдан башканынын баары тыйынга арзыбаган керексиз буюмдай сезип жүргөн учур эле. Эсимде кассетаны улам түрдүрүп коюп жаман магнитофонду башыңа жазданып алып кайра кайра укканыңды элестеттим, иий мобул жеринде экен да кереметтин баары деп көңүл кушун кимге алдырды деген сабына көөнүңдүн эригенин көрүп көңүлүм көккө учканын эстедим Элмишим, сен экөөбүздүн көп жылдык достук таржымалыбызды тарых кылып баяндап берээр учур да келээр, көзүң өтөөрдөн 2 күн мурун Шайырбек @shaiyrbekabdyrakhman досум экөөбүз чуркап жүрүп жолугуп калып Шакеме айттым эле, карантин деп камалбай чыгынып Элмирге барып келеличи сагындым, анын тарых дептеринин бир топ барактары менин жүрөгүмдө десем Шакем ой менде дагы андай барактар көп деп күлдүк эле аттиң, жетпей калдык. Күзгү нөшөрдү алгач жаралгандан баштап сүйдү Элмикем, оо буйруса бул ырың улам жаңыланып ырдалып узун элдин учуна жетет дечү эле кургурум, бир нерсени алдын ала сезе алган олуялыгың бар эле булбулум. Эки күн мурун өнөрпоз казак боордош агабыз Абылайхан Оспанов @ospanovablaikhan коңгуроо кагып кайрат айтып, кайгыңды бөлүшөм боорум Элмирбек биздин дагы уул эле дегенин угуп эзилдим, күзгү нөшөрүңдү Маскөөдө кыргыз баурдастардын алдында орундадым кабыл эт деп салып жибериптир, рахмат ага карайлап турганда кайрат айтып калка болгонуңузга кем болбоңуз, ар бир кайрыгында мындан 23-24 жыл мурунку элестер тасмадай чууруп өтүп жатат...
Загрузка...