7104 67
19.06.2020
ӨЗҮБҮЗ ЖЕТПЕСЕК ДА СӨЗҮБҮЗ ЖЕТЕТ.
#ТАРЫХТЫ_ТАЛКАЛАБА!
Бул - жөн гана дөңсөө-дөбөлөр эмес. Бул – б.з.ч. VII – б.з. II кылымдарына таандык Сак доорунан калган өтө маанилүү археологиялык тарыхый эстеликтер. Мында байыркы тарыхтын табышмактары жана баалуу сырлары катылган - адам сөөктөрү менен кошо элибиздин өтмүшүн аныктоодо баа жеткис маалымат болчу ар-түрдүү буюмдар көмүлгөн болушу мүмкүн. Ат-Башынын Баш-Кайыңды айылындагы бул көрүстөн тарыхый эстелик катары таанылган. Тарыхтын ошол куттуу коломтосун минтип сүрдүрүп ташташыптыр. Ким кылды? Кантип колу барды? Кантип дити чыдап жасады ушуну? ***
Биз космоско учкан, айфон чыгарган, атом бомбасын камдап алган өлкө эмеспиз. Мактанарыбыз, сыймыктанарыбыз – тарыхыбыз, маданиятыбыз гана. Башка элдер кечээги эле тарыхын көбүртүп-жабыртып дүйнөгө дүңгүрөтүп жатса, биз байыркы, бай тарыхыбызды ушинтип бульдозер менен сүрдүрүп таштайбызбы? Тарыхты таптап жок кылуу – өз тамырыңды балталап кыркуу деген эле сөз. Атасынын мүрзөсүн тегиздешке ким жол берет? Маданий эстеликтерди сактоо – бир эле манадият министрлигинин иши эмес го акыры. Айыл өкмөттөрү, жергиликтүү бийликтер буга башы менен жооп бериши бар. Керек болсо ар бир жаран парасат салып, күзөтүп, маданий мурастарды сактоого салым кошушу шарт. Анткени, тарыхтын ээси – баарыбыз. Байыркы элбиз деп мактанабыз. Эртең башка элдер байыркы экениңди далилде десе, эмне, ушул көрүстөндөрдү сүргөн тракторлорду көрсөтөбүзбү? ***
Эмнеге сүрдүрүштү экен? Киреше тапканыбы? Жер айдаганыбы? Бул жерди түздөсө, ашып барса бир имарат курулар. А бирок, тарых менен миллиондогон туристтерди тартып, кирешеге тунса болорун тарыхын аярлап, барктаган ар бир эл далилдеп келатат го. Туристтер бизге тарых издеп келет. Уникалдуу маданият издеп келет. Болбосо, биздин жүзүбүз менен көзүбүздү көргөнү келмек эмес. Биздикиндей сары тери, кара баш, тумуйган көз элдер дүйнөнүн үчтөн бирин түзөт. ***
Мына бул – чыныгы мыйзам бузуу, оор кылмыш. Райондук маданият бөлүмүндөгү кызматкерлерибизди жиберип, бул иштин жолун тородук. Бирок, бизге билдирбей кылынган ушундай безериликтер канча? Кыргызстан боюнча болгону 180 мамлекеттик кызматкерлерибиз бар. ⤵⤵⤵