сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
Загрузка...
5459   142
13.05.2020
Кээде адам өзүн - өзү жей берген учурлар кездешет. Бир негатив абалды(ситуация) же терс ойду ойлоп кыйнала бериши мүмкүн. Адамды коркунуч, тынчсыздануу, чочулоо ээлегенде ошол терс көрүнүштүн айланасында гана ойлоно берип, адам чарчап туңгуйука кептеле берет. Мындай абалдан чыгуунун даарысы бул ойду өзгөртүү. Башка сонун маанайды көтөрчү позитивдүү ойго, ишке алаксып, азгырмалуу кыйнаган ойдон алыстоо, кыйнаган ойлорго байкоо жүргүзүү, ойлорго анализ жасоо аркылуу, трансформациялану жүрөт. Искусство, жаратылышка суктануу, руханий аффирмацияларга бай китептерди окуу, комедия жанрындагы кинолор, юмор, музыка тыңшоо, сууга түшүү, тоого чыгуу, спортко алыксуу жана эң негизгиси сүйүүгө басым жасоо менен Аллага ишенип, сыйынып, сүйүү аркылуу азгырмалуу илүүнүүдөн арылууга мүмкүнчүлүк тапса болот. Мыкты маанай өзүңүздүн колдо! Жашоо керемет! Ширин Искакова.
5453   291
01.07.2020
- Сиз баланы сооротконду билбейт экенсиз! ⠀ - Эмнеге? ⠀ - Бир жолу атам экөөң ажырашканда ар кандай аталар болот. Айрым аталар балдарын же апасын аябай сабайт. Айрым учурда өлтүрүп коет. Ошон үчүн аларга салыштырмалуу атаң жакшы жана сени жакшы көрөт" дегенсиз. Мен ошол аталарды эстегенде ыйлагым келет. ⠀ Муну укканда оңтойсуз боло түштүм. Ал окуя эсимде жок негедир. Анын башка бүлө күткөнүн жумшартыш учун балким айткандырмын. Башкача салтыштыруу керек беле ким билсин? Айлам куруганда балам мендей өзүн ташталган сезбесин десем керек да. Бир саамга унчукпай калдым. Тынчтынымды уулум кайра эле суроосу менен бузду. ⠀ - Апа, атаңды сагынчу белең? ⠀ - Албетте, балам. Жол карап күтчүмүн. Бирок келген жок. Анткен мн кийин издеп, таап бардым. Тааныштым. Мага караганда сага тагдыр жылмайыптыр. Телефон аркылуу сүйлөшөсүң. Бир жумада бир болсо да көрүшөсүң. ⠀ - Бир айда бир. ⠀ - Айырмасы жок, балам. Бирок сен анын бар экенин жана сени жакшы көрөрүн билесиң. Эң башкысы башы аман. ⠀ ...дедим. Тагдырыбыз окшошуп калганына ичим "тыз" дей түштү. Жашым тегеренип кетти. Ар ким өз атасын эстеп аткан чыгар жымжырттык өкүм сүрдү ортодо...