Аалы Туткучев
@aaly.tutkuchev
Аалы Туткучев

Подписчики: 53029
Посты: 42
Подписки: 41
КР эмгек сиңирген артисти, Ч. Айтматов атындагы жаштар сыйлыгынын ээси, "Эл ырчысы Эстебес" тобунун көркөм жетекчиси, төкмө акын.

 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
2010   290
30.06.2020
Былтыр ушул маалда жазыпмын. Архивден. Бишкек ысык. Балдар жүдөп кетти. Үй-бүлөмдү жайлоого жөнөтүп, өзүм үйдө калдым. Тамак жасоону мындай кой чай кайнатып иче албайт экенмин. Тилим сайраганы менен колумдан иш келбесин эми билдим. Муздаткычтагы томатты сууга чылап, туздан салып ичип алам. Үйдө тамак жасалбаганынан уламбы чымындар өлө баштады, байкуштар. Китеп окудум, курсак ачында китеп да мээге кирбей койду. Уктай берип башым ооруп чыкты. Менин үйдө калышыма жөжөлөр менен көчөттөр себепкер. Маал-маалы менен азыгын берүү керек. Аларга жем салып жатсам аркаман дүп- эттире бирөө коюп калды. Төрт күндөн бери үйдө менден башка киши жок да. Чоочуп кетип карасам короз мени бир тээп, дагы муштумун түйүп турат. Жерде жаткан таяк менен бир чаптым, чала жыгылып барып туруп кетти, дагы бир чапсам какылыктап тоокканага кирип чыкпай калды. Бүгүн эки күн болду жем жебей, суу ичпей тышка да чыкпай жатат. Сыягы катуу тийип калган окшойт. Чаппайт элем, өткөндө балам менен кичинекей кызымды да тепкен эле. Коркуп калсын- дедим. Бүгүн курсактын камын кылып жумуртка терип келип кууруп көрдүм. Аракет кылса болот экен. Бирок жей албай кыйналдым. Көз алдыма таяк жеп жаткан короз келип туруп алды. Атасын сабап жумурткасын жеп жатканымдан уялдым. Корозго боорум ооруп, кечирим сурагым келди. Ал бары бир түшүнбөйт да. Айбандан кечирим сураган айбан - дейт чыгаарсыз. Айбан да болсо ата болуп жатпайбы?.. Барып жаткан жеринен алып чыгып, алдына жем чачып суу койдум. Кекчил немеден бетер жебей басып кетти. Мен да басып кеттим. Терезеден аңдысам келип жем жей баштаптыр. Акыңды адал кыл-деп мен да жумуртка менен өзөк жалгадым. Эл мени курч акын-деп ойлошот. Балким… Ырымда курч болгонум менен жашоодо ушунчалык мокок экениме арданып, бир чети күлкүм келди. Билбейм балким кемчиликтир, балким артыкчылыктыр. Бирок корозду бир чаап, акысын жеп алууга жүрөк тартпады. Ал эми алты миллион Кыргыздын келечегин ойрон кылып, акысын жеп жуткандар баатыр экенсиңер... Балли силерге!!!
Загрузка...