Covid-19 вирусун ойлоп тапкан Чарлз Либерди камакка алды. Бул тууралуу АКШнын юстиция министри телеканалдардын биринен түз эфирде айткандыгын бир катар чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Басылмалардын маалыматына таянсак, Гарвард Университетинин химия жана биология бөлүмүнүн башчысы Чарлз Либер вирусту ойлоп таап гана тим болбостон аны Кытайга саткан деп шектелүүдө.
Илимпоз менен Ухань университети жаңы вирусту изилдөө үчүн келишим түзгөндүгү да маалым болгон. Укук коргоо кызматкерлери Чарлз Либерди иш бөлмөсүнөн камакка алган.
Басылмалар Чарльз Либер абдан келечектүү окмуштуу катары таанымал деп жазышат. Анын бир жылдык кирешеси 1,5 млн долларды түзгөн. Ал өзүнүн илимий изилдөөлөрүн Бостон университетинин, Гарварддын жана Улуттук саламаттык сактоо институтунун гранттарына ылайык жүргүзгөн. Жана ошондой эле Кытайдан такай акчалай төлөмдөрдү алып турганы белгилүү болгон.
Мезгил Ньюс