Aigul Chalova 25.07.83
@aigul_chalova_official
Aigul Chalova 25.07.83

Подписчики: 236920
Посты: 1152
Подписки: 507
Айгуль Чалова 🎤🎶 🎹📀 певица🎹📼🎻🎷🎼🎧 по вопросам выступлений обращаться по телефону 📲 0703573737
https://m.youtube.com/channel/UCTjtLy06n9e3Al4ING8aKsg
Загрузка...
Адам затынын денсоолугуна согуш жарыялап😷🤧🚑🛌, өмүрүнө коркунуч келтирген үнү жок кара согуш илдети, качан бүтөөр экен.Дүйнөнү дүңгүрөтүп каптап жаткан ооруну угуп, чет жакка чыкпай турса болмок беле деп ойлойм. Эмнеси болсо дагы аман эсен элине,жерине келишсин. Жаман илтеттен кудайым сактасын,медиктерибизге күч кубат берсин. Анткени :медиктерибиздин 🚑👩‍⚕️👨‍⚕️одноразвый формалар менен иштеп жатканы тынчсыздандырат, алар дагы бизге окшош,биз үйдө отуруп коркуп санаабыз тынбай жатса,алар оорунун очогунда иштеп жүрүшөт, коопсуздугун ойлоп кыжалат болосуң ,🤨эми кимге ал илдет жуккан болсо жаратканым шыфаасын берип сакайып кетишсин, алар деле жугузайын деген эмес, балким бул сыноону ошолорду себепкер кылгандыр. Ооруну көбөйтүп албайлы, чыкпа десе хотя биз угуп чыкпай туралы,Жаратканымдан тилек кылып дуба кылалы, 🤲бул жаман илдеттен дүйнө элин сактай көр Жаратканым🤲.#булдагысыноо#бишкек#ош#наарын#ыссыккөл#талас#баткен#жалалабад#

Загрузка...
981   104
08.08.2020
Урматтуу достор! Бул атын өчкүр вирус менен тууган-туушкан, бир туугандарым, уй-булөмдөгулөр кээ бири жеңил, кээ бири оор формасы менен ооруп айыгышты. Кудайга шүгүр, баары аман деп сүйүнүп отурсак, башка жагынан залакасын тийгизип өттү. Бекжан балабыз 2019 жылдын август айынан бери нейробластома (рак) оорусу менен күрөшүп келе жатат. Кезектеги химиятерапия дарылануусун онкология карантинге жабылып алалбай калды. Ал себептен денесине метастазалар тарап кетти. Азыркы абалы абдан оор, баспай, тамак жебей, капельницанын күчү менен кана жашап жатат. Өлкөбүздүн “иштерман” Саламаттык сактоо министрлигине Турциядан дарыланганга квотага кайрылганбыз, кезеке койгон. Пандемияны шылтоолоп, Турция квота бербей жатат деген жоопту уктук жазында. Бирок, угушубузга караганда, чон ооруканалар кабыл алып эле жаттыптыр. Операцияны өзүбүздүн врачтар эле жасап, шишикти алып ташташкан. Алганы менен, кайра метастаза тарап кетпеш үчүн, MIBG деген терапия өтүш керек болчу (рак жайылып кетпеш үчүн канды радиоактивный йод менен тазалоо). Ал дагы Кыргызстанда жасалбайт, чет өлкөгө чыгыш керек эле. Бала болсо күндөн күнгө начарлап жатат. Ушу тапта ата-энесине моралдык жактан да, материалдык жактан да жардам керек болуп турат. Айласыздан такыр мүнкүрөп калышты. Бекжандын ахывалын көрүп, күндөн күнгө начарлап баратканын көрүп туралбай, кыргыз элинен жардам сураганга туура келди. «Көп түкүрсө, көл болот» деп, каражат чогултуп, тезинен Турцияга учуп кетсе, аман алып калабыз деген үмүтүбүз бар. Пандемия учурунда кыргыздардын боорукерлигине, биримдиктүүлүгүнө башка өлкөлөрдүн баары суктанышты, аны угуп ушунчалык сыймыктандык... Мындан бир нече ай мурун, Бекжандын оорусу күч алып турган кезде, квота берилип калса чет өлкөгө жөнөтөлү деген максатта дагы жардам сурап соцтармактарга кайрылганбыз. Карантин башталганынан токтотуп койгонбуз. Ошондо эле биздеги адамдардын кайрымдуулугуна баа бергенбиз. Андагы чогулган каражат толугу менен дарыланууга жумшалды. Тырмактай 3 жашар бала 9 курс химия, эки операцияны башынан өткөрдү. Андай азапты чоң кишилер чанда эле көтөрө алат. Бекжан көтөрдү. Эми ооруга алдыра баштады, жеңиле баштады... Ушу оор абалда Бекжанга 👉@zhivi_bekjan 👈👈колдоо көрсөтүңүздөр🙏