Aigul Chalova 25.07.83
@aigul_chalova_official
Aigul Chalova 25.07.83

Подписчики: 236920
Посты: 1152
Подписки: 507
Айгуль Чалова 🎤🎶 🎹📀 певица🎹📼🎻🎷🎼🎧 по вопросам выступлений обращаться по телефону 📲 0703573737
https://m.youtube.com/channel/UCTjtLy06n9e3Al4ING8aKsg
Загрузка...
*РАМАЗАН - ДЕН-СООЛУКТУН КЕПИЛДИГИ* Ооруп жаткан падышага караганда, ойноп жаткан тилемчи бактылуу. Ден соолуктун кадырына жетиңиз. *ШҮГҮР АЙТ* Нематтарга ээ болуу - адам баласын чектен чыгаргандай эле, шүгүрсүздүк кылганга да түртөт. "Байып кеткенден кийин бактылуулугумду жоготтум" -деген толтура адам бар. Демек, БАКЫТ БАЙЛЫКТА ЭМЕС... *ЧЕЧИМ ЧЫГАРУУДА ШАШПА.* Өйдөгө чыккандан кийин артыңызга караганда баскан жолуңузду карап: "Жакшы эле тээтиги жерде бурулуп кетпептирмин" - дейсиз..Ошондуктан сабыр менен алдыга умтула бериңиз... *ТАРБИЯ* Койду карышкырга жакын байлап, каалаганча жем берсең да семирбейт. Балдарды интернетке жалгыз таштап, каалаганча кыйын болсоң да тарбия берилбейт. *ЗЭЭН (дээр)* ЗЭЭН деп бир нерсени жасап, андан пайдалануу - жөндөмүнө, коомго киришип кетүүсүнө, алдынан чыккан көйгөйлөрдүн чечимин табуусуна, окуп, илим алып, иштеп кетүүсүнө айтылат. *Бир кишиден сурайт :* -Адам үчүн эң керектүү нерсе эмне? -Тубаса ЗЭЭН (дээр) -Тубаса зээн болбосочу? -Адеп жана илим үйрөнсүн - Үйрөнө албасачы? -Мал-дүйнө арттырсын. Байлык дагы кишинин көп айыптарын жаап турат. -Бул да колунан келбесечи? -Жакшы, жагымдуу мамилени үйрөнсүн. Анткени, бул ЖАКШЫ МАМИЛЕ - адамдын зыйнаты-кооздугу. -Эптей албасачы? -Мындай тирүүлүктөн көрө өлүм абзел. Адамдар да андан кутулушат, өзү да өзүнөн кутулат.... *ДОС* Инстаграмда 50 000 дос Фейсбукта 5000 дос Жашоодо 50 дос Кыйынчылыкта 5 дос Жаназада үй-бүлө, жакындарың Кабырда өзүң Футбол 90 минут Сериал 60 минут Кино 130 минут Намаз 5 минут Тозок түбөлүк Дүйнө 3 кун Кечээ - кайра кайтып келбейт Бүгүн - түбөлүккө узарбайт Эртең - эмне болоорун эч ким билбейт!!!

Загрузка...
981   104
08.08.2020
Урматтуу достор! Бул атын өчкүр вирус менен тууган-туушкан, бир туугандарым, уй-булөмдөгулөр кээ бири жеңил, кээ бири оор формасы менен ооруп айыгышты. Кудайга шүгүр, баары аман деп сүйүнүп отурсак, башка жагынан залакасын тийгизип өттү. Бекжан балабыз 2019 жылдын август айынан бери нейробластома (рак) оорусу менен күрөшүп келе жатат. Кезектеги химиятерапия дарылануусун онкология карантинге жабылып алалбай калды. Ал себептен денесине метастазалар тарап кетти. Азыркы абалы абдан оор, баспай, тамак жебей, капельницанын күчү менен кана жашап жатат. Өлкөбүздүн “иштерман” Саламаттык сактоо министрлигине Турциядан дарыланганга квотага кайрылганбыз, кезеке койгон. Пандемияны шылтоолоп, Турция квота бербей жатат деген жоопту уктук жазында. Бирок, угушубузга караганда, чон ооруканалар кабыл алып эле жаттыптыр. Операцияны өзүбүздүн врачтар эле жасап, шишикти алып ташташкан. Алганы менен, кайра метастаза тарап кетпеш үчүн, MIBG деген терапия өтүш керек болчу (рак жайылып кетпеш үчүн канды радиоактивный йод менен тазалоо). Ал дагы Кыргызстанда жасалбайт, чет өлкөгө чыгыш керек эле. Бала болсо күндөн күнгө начарлап жатат. Ушу тапта ата-энесине моралдык жактан да, материалдык жактан да жардам керек болуп турат. Айласыздан такыр мүнкүрөп калышты. Бекжандын ахывалын көрүп, күндөн күнгө начарлап баратканын көрүп туралбай, кыргыз элинен жардам сураганга туура келди. «Көп түкүрсө, көл болот» деп, каражат чогултуп, тезинен Турцияга учуп кетсе, аман алып калабыз деген үмүтүбүз бар. Пандемия учурунда кыргыздардын боорукерлигине, биримдиктүүлүгүнө башка өлкөлөрдүн баары суктанышты, аны угуп ушунчалык сыймыктандык... Мындан бир нече ай мурун, Бекжандын оорусу күч алып турган кезде, квота берилип калса чет өлкөгө жөнөтөлү деген максатта дагы жардам сурап соцтармактарга кайрылганбыз. Карантин башталганынан токтотуп койгонбуз. Ошондо эле биздеги адамдардын кайрымдуулугуна баа бергенбиз. Андагы чогулган каражат толугу менен дарыланууга жумшалды. Тырмактай 3 жашар бала 9 курс химия, эки операцияны башынан өткөрдү. Андай азапты чоң кишилер чанда эле көтөрө алат. Бекжан көтөрдү. Эми ооруга алдыра баштады, жеңиле баштады... Ушу оор абалда Бекжанга 👉@zhivi_bekjan 👈👈колдоо көрсөтүңүздөр🙏