ЖАНЫМ КАШАЙЫП КЕТТИ 😔😔😥😥🤐 Абалына шүгүр келтире албаган адамдар көбөйүп кеттик... Нанкөрлүктүн, наадандык кесепети өзүңөн ашып өзгөгө жана өлкөңө тиет... Адамга эң туура таратылган нерсе акыл болсо керек. Себеби эч ким өз акылына нааразы эмес... Кылба-десе кылып, кыл-десе кылбаган акылы жок коомго айланып баратабыз... Китеп окубаган адамдын тамга тааныбаган адамдан айырмасы жок... Бийликтин бети жок, анткени элдин эси жок. Элине жараша бийи болот. Эсиңе кел элим, эсиңе... Өзгөрөлүчү батыраак, баары бизден, бийликтен эмес. Анткени аларды да биз шайладык😔
Бийликке акчасын чачып баргандар, чачканын кайра чогултуу менен убара болушат... Мени шайласаңар момундай иштерди аткарам-дегендер, шайлабасак да аткара бергиле! Шайлабасак аткарбайт экенсиң, демек сен чыныгы ПАТРИОТ эмессиң. Мекенге кызмат кылуу үчүн сөзсүз түрдө ДЕПУТАТ болуп ак үйгө баруу шарт эмес.... Мени шайлап койгула деп мээңди жегенге добуш бербей, эл өзү ишеним арткан кишини алып чыгып иштетүү керек... Партияны-парламентти ойлобой, элди-жерди ойлоо керек. Бир эле элим деп келип, элүү партияга бөлүнүп алуунун кимге кереги бар. Бир өлкөнү беш тарапка тартып талкалабай, бир тарапка багыттуу тартып алдыга жылуу керек болчу... Парламенттеги партада уктагандар, талкуулаган маселеси барган сайын садиктин ызы-чуусуна же ушакчылардын гыйбатына айланып бараткан башчылар... Сөздөн ишке өтүү керек....... Көрүнгөндөн карыз сураган тилемчиликти токтотуу керек. Мамлекеттик мүлктү 40 жылга берип, креслодон кетпечүдөй же өмүрдөн өлбөчүдөй жашаганына таң каласың... Ала-Тоонун абалы айыл өкмөттөн көрүнүп турат. Короосуна канааттанбай көчөнү кошуп, коңшунун жерине кирип кеткен кишини тартипке чакыра албаган айыл өкмөт башчысы... көчөгө суу, жарык, жол, көпүрөнү карапайым калк, мигрант аткарат, анын лентасын айыл өкмөт кесет.... Чындыкты сүйлөгөн чыркырап кала берет, куйтуланган креслого бара берет... жаңыдан чек алсаң да, чегараңды белгилеп, коргонуңду тосуп тынч уктаганга аракет кыласың. Мамлекеттин чегарасын чечип алып, тосуп алып анан КҮНДӨ ШАЙЛОО, КҮНДӨ РЕФЕРЕНДУМ, КҮНДӨ МИТИНГ - ПИКЕТ кылгыла!!! 😥😥😥😥😥😥😥😥😥😥😥😥😥😥😥😥 Баягы баягы, койчумандын таягы... ЖАҢЫЛЫК КӨРГҮМ КЕЛБЕЙ КАЛДЫ!