30 күндө 30 сабак
27-күн
ТИЛ БӨЛӨК, СҮЙЛӨӨ БӨЛӨК
Төөнүн тили биздин тилибизден кыйла чоң болгонуна карабастан, сүйлөй албайт. Демек, тил башка, сүйлөө башка.
Оозубуздан куюлган сөздөр фабрикадан чыккан продукцияны элестетет. Бул сөздөр оболу бир станокто токулуп, бир сүзгүчтөн өтүп, бир натыйжага жетип жана сүйлөөгө чечим кылуубуз менен бирге сөздөр биз айтып түшүндүрө албаган кайыптык иш аракеттер менен үн кошулуп, ички дүйнөбүздөгү жашыруун сөздөр ачыкка чыгарылган. Бирок биз бул иш аракеттердин эч бирин билбейбиз.
Оозубуздан чыккан ар бир сөздө үн маани кызматташтыгы бар. Сөзүбүз маектешибиздин кулагына жеткенде, үндүн милдети бүтөт. Эми бул милдетти толкун алып, сөз таптакыр башкача абалга өтөт. Кулактын ичиндеги атайын үн өтчү жерлерден өткөрүлүп, угуу борборунун эшиги кагылат. Ар бир сөздүн толкуну ар башкача болгондуктан, акыл эшиктин кагылыш түрүнөн кимдин келгенин түшүнөт. Анан дагы бир процесс аркылуу толкун кайрадан бир сөзгө айланат. Ушинтип, аң сезимибизде пайда болгон бир сөз, кыска мөөнөттүн ичинде, бир нече ыңкылапты башынан өткөрүп, маңдайыбыздагы маектешке жеткирилет.
Телефон менен сүйлөшүп жаткан эки кишини элестеткиле. Бүткүл телефон системасы бул сүйлөшүүгө кызмат кылууда. Бул кишилер бетме бет келишсе, телефонсуз сүйлөшө алышат.
ЖЕТИ МИҢ ЖАКШЫЛЫК төмөнкү жети сүйлөмдө 1000ден болуп жыйналган:
1. Унчукпоо – бул, кыймыл аракетсиз ибадат.
2. Унчукпоо – бул, жасалгасыз кооздук.
3. Унчукпоо – бул, авторитетке таянбаган айбат.
4. Унчукпоо – бул, коргонсуз чеп.
5. Унчукпоо эч кимден кечирим суратпайт.
6. Унчукпоо амалдарды туткан периштелердин ырахаты.
7. Унчукпоо – бул, кемчиликтерди жапкан жабуу. -Эй, көптү билген киши, тилиңди тый! Эртең тилсиздерге сурак болбойт.
-Эй, акылдуу киши! Элдин айыбын айтпа. Өз айыбыңды көрүп, ошону менен алек бол.
-Балээлер ойлонбой жана орунсуз айтылган сөздөрдүн артынан келет
-жаңылып сүйлөгөн жалынып тынат.
-Өзү каалаган сөздү сүйлөгөн адам, өзү каалабаган сөздү угат.
-тилиңди бош койсоң тишиң сынат... Айта берсең кете берет, акылдууга жете берет...
Идрис акын