БҮГҮН ОКУП, БИЛГЕНИМДИ БӨЛҮШТҮМ
Көпөлөк канчалык сулуу болсо да, барибир ал курт-кумарскалар тобуна кирет. Кактус канчалык ийнеси менен коркунучтуу же копол болбосун, барибир ал гүл. Адамдардын аты же сырткы көрүнүшүн карап эмес, балким адамгерчилигине, адеп-ахлагына, мамилесине карап чечим чыгарыңыз.
***
"Чет тилин билбеген кыйналат" - деп отуруп, балдарыбызга бардык чет тилди үйрөтүп жатабыз. Адамдын тилин үйрөнгөн менен, Алланын тилин үйрөнүүнү унуттук. Арап тилин үйрөнүп, Алланын Курандагы бизге айтканын үйрөнгөнүбүздө, аалам жана адамдар бузулбайт эле...
***
Кидир бирөөнү сулуулугу үчүн жакшы көрсөңүз, бул сүйүү эмес, кумарлануу.
Кимдир бирөөнү билими үчүн жакшы көрсөңүз, бул махабат эмес, таң калуу.
Кимдир бирөөнү байлыгы үчүн жакшы көрсөңүз, бул дагы махабат эмес, балким байлыкка өчөшүү.
Кимдир бирөөнү жакшы болгондугу үчүн жакшы көрсөңүз, бул дагы сүйүү эмес, балким сезимдериңиздин ыраазычылыгы.
Жакшы көргөн кишиңизди эмне үчүн жакшы көргөнүңүздү билбесеңиз, мына ушул ЧЫНЫГЫ СҮЙҮҮ. 😊😊😊
***
Баракчаңыздан "поделиться", "share" баскычтарын басып, бөлүшүп жаткан нерселер жакшылыктар болсо, анда ар бирине садаканын сообу берилет. "нравится", "like" баскычын басканыңыз адамдын көңүлүнө кубаныч алып келет жана ага да садаканын сообу берилет, буюрса.
"комментарий", "comment" баскычын басып пикир калтыруудан мурда ар бир сөзүңүздү Аллах күзөтүп жатканын унутпаңыз. Кыскасы, интернеттеги ар бир аракетиңизди Аллах күзөтүп, периштелер жазып жатканын унутпаңыз. Эч ким көрбөйт - деп, эси жоктук кыла бербеңиз!
МЫНА УШУНДАЙ, ДОСТОР 😊👌😊
ПАЙДАҢАРГА ЖАРАСА БОЛДУ.
Бардык жерде тездикти ашырбоого чакырылат. Атайын радар менен көзөмөлдөп турушат. Бир гана Аллахка болгон сүйүүнүн жолуна радар коюлбайт. Куранда Кудайга шашылгыла деп буйрук берет. Демек Аллахты сүйүүгө шашылыңыз. Канчалык тез болсо, ошончолук жакшы... Идрис акын