АЙНУРА САЛАХИДИНОВА
@ainura.salahidinova_official
АЙНУРА САЛАХИДИНОВА

Подписчики: 718967
Посты: 749
Подписки: 230
Отличник культуры КР.🇰🇬 По вопросам выступлений (той,концерт)🎤 сотрудничества в direct . 📞 +996779355155 "Аяп сүйгөм " новый клип ⬇️
https://youtu.be/RC1NN0EdUJY


 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
15340  
29.10.2019
Күйөө деген ким? Күйөө деген — эки ирет чалганда жооп берип үлгүрбөсөң, "10 жолу чалсам албайсың, жооп бербегенден кийин андай телефонду ыргытып ийиш керек да!" деп нерв болгон адам; Күйөө деген — дал бутунун үстүндө турган токко телефонун зарядка коюуудан зеригип, "телефонуму сайып койчу" деп сага буйрук берген адам; Күйөө деген — өмүрүңдө гүл алып бербедиң деп таарынсаң: "Не кыласың гүлдү? Баары бир соолуп калат, мен өзүм сага гүлмүн",- деп оңой кутулган адам; Күйөө деген —тамак бышкыча: "Качан бышат, качан бышат?" - деп кухняга жаныңа келе берип, тамак дайын болгондо: "азыр, азыр мына" деп залда жатып алган адам; Күйөө деген — күнү бою каяка барууң керек экенин кайра-кайра эскертип жүрсөң да, "мен кеттим" деп чыгып бара жатсаң:"Каяка барасың?" - деп сураган адам; Күйөө деген — "Гинекологго барып текшерилдим" деп ден соолугуң тууралуу айтып жатсаң "Гинеколог аял бекен, эркек бекен?" деп бир түрдүү суроо берген адам; Күйөө деген — бир жакка чыгып бир аз кечиксең: "Үйүң, бала-чакаң барбы сенин? Тез кел! Он мүнөттө келбесең ошол паланчаныкына байлап берем!" - деп, ар он мүнөттө звандай берген адам; Күйөө деген — сенин ата-энең келгенде өтө мээримдүү, койдон да жоош боло калган адам;😅 #вотсапптанкелди#автор#Баян_Апкаралиева# Экинчи баракчама катталабыз достор! @ainura.salahidinova_live
Загрузка...