🌜 *Бараат түнү* 🌛
Шаабан айынын 14-түнү "Бараат түнү" же" Кечирим түнү" же "Тагдыр түнү"- деп, аталып калышында шариятта эч кандай каршылык жок. Ал эми бул түндүн мындай аттарга конуп калышынын себеби, ал түнү адамдын тагдырында жакшылыктардын мол болушу жана ырыскынын кенен болушу жана ал түнү күнөөлөрдүн кечирилиши тагдырланат. Бул дагы шариятта эч бир каршылыгы жок, бар нерсе жана дагы төмөнкү айтыла турган хадистерге дал келет. Айша (р.а)энебизден риваят кылынат:"Бир түнү Пайгамбарды (соллаллооху алайхи ва саллам) жоктоп, эшикке чыктым. Аны Бакиъ кабырыстанда башын көтөрүп, асманга карап турган абалда көрдүм. Анда Пайгамбар (соллаллооху алайхи ва саллам )мындай деди: "Оо сүйүктүү жарым Айша! Сага Алла Таала жана Анын Элчиси адилетсиз мамиле кылып коёт-деп коркосуңбу? Анда мен мындай деп жооп айттым: "Мен ал тууралуу кабатырланбайм болгону мен күмөнүмдө, сиз өзүңүздүн кээ бир аялдарыңыздын биринин алдына кеттиңизби ,-деп ойлодум. Анда Пайгамбар (саллаллоху алайхи ва саллам): "Албетте Алла Тааланын рахматы Шаабан айынын 14-түнү, бул дүйнөнүн асманын ороп алып ,көптөгөн Кальб уруусунун койлорунун жүндөрүнүн эсебинчелик адамдардын күнөөлөрүн кечирет." (Тирмизи жана Ибни Маажа жана имам Ахмад риваят кылышкан.)
Али ибни Аби Толибтен, Алла Таала аны өзү урматтасын ,Пайгамбар соллаллооху алайхи ва салламдан риваят кылат:" Качан Шаабан айынын 14- кечеси болгон кезде түнүн ибадат кылуу менен ал эми күндүзүн орозо тутуу менен өткөзгүлө, себеби ал түнү Алла Тааламдын мээрими бул дүйнөнү күн баткандан баштап, каптап турат. Алла Таалам өз пенделерине карап, мындай дейт: "Кечирим сураган бирөө барбы? Анын күнөөсүн кечирейин. Менден ырыскысынын кеңейишин суранган барбы? Анын ырыскысын кеңейтейин. Кыйынчылыкка баткан барбы? Аны кыйынчылыктан чыгарайын. Мындай тигиндей адам барбы?- деп таң атканча Аллахым пенделерине мээримин төгүп турат. (Ибни Маажа риваят кылат.)