Айпери Кулбаева
@aiperikulbaeva_official
Айпери Кулбаева

Подписчики: 212667
Посты: 4354
Подписки: 194
📞0551414669 YouTube ▶️ каналыма катталыныздар! АЙПЕРИ КУЛБАЕВА
https://youtu.be/Uia3aL39yTY


 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
Загрузка...
1114   27
11.04.2020
📝 Даанышман сөздөр Адамдардын эң жакшысы... Абу Хурайрадан (Аллаһ андан ыраазы болсун) келген хадисте Муса пайгамбар (Аллаһтын ага саламы болсун) Аллаһтан жети нерсе тууралуу сураганы айтылат: ١ - قال: يا ربِّ! أي عبادك أتقى؟ قال: الذي يذكر ولا ينسى. ٢- قال: فأيُّ عبادك أهدى؟ قال: الذي يتبع الهدى. ٣- قال: فأيُّ عبادك أحكم؛ قال: الذي يحكم للناس كما يحكم لنفسه. ٤- قال: فأيُّ عبادك أعلم؟ قال: الذي لا يشْبعُ من العلم؛ يجمع علم الناس إلى علمه ٥- قال: فأيُّ عبادك أعزُّ؟ قال: الذي إذا قدر غفر. ٦- قال: فأيُّ عبادك أغنى؟ قال: الذي يرضَى بما يُؤتى. ٧- قال: فأيُّ عبادك أفقر؟ قال: صاحبٌ منقوصٌ. 1) - Муса: «Оо, Раббим! Кулдарыңдын ичинен эң такыбасы ким?», - деп сурайт. - Аллаһ Таала: «(Мени) ар дайым эске алып, эч убакытта унутпаганы», - дейт. 2) - Муса: «Кулдарыңдын ичинен эң туурасы ким?», - деп сурайт. - Аллаһ Таала: «Хидятта жүргөнү», - дейт. 3) - Муса: «Кулдарыңдын ичинен эң адилет өкүм кылганы ким?», - деп сурайт. - Аллаһ Таала: «Өзүнө кандай өкүм кылынуусун кааласа, өзгөлөргө да ошондой өкүм чыгарганы», - дейт. 4) - Муса: «Кулдарыңдын ичинен эң билимдүүсү ким?»- деп сурайт. - Аллаһ Таала: «Илимге эч качан тойбогону жана адамдардын (аалымдардын) билимдерин өзүнө жыйнаганы», - дейт. 5) - Муса: «Кулдарыңдын ичинен эң урматтуусу ким?», - деп сурайт. - Аллаһ Таала: «(Бирөөнү) жазалоого күч-кубаты жетсе да кечирип жибергени», - дейт. 6) - Муса: «Кулдарыңдын ичинен эң байы ким?», - деп сурайт. - Аллаһ Таала: «Берилген (ырыскыга) ыраазы болгону (б.а. эң каниеттүүсү)», - дейт. 7) - Муса: «Кулдарыңдын ичине эң кедейи ким?»- деп сурайт. - Аллаһ Таала: «Берилгенди аз санап (дагы кошумча дүнүйө талап кылганы)», - дейт.