Айпери Кулбаева
@aiperikulbaeva_official
Айпери Кулбаева

Подписчики: 212667
Посты: 4354
Подписки: 194
📞0551414669 YouTube ▶️ каналыма катталыныздар! АЙПЕРИ КУЛБАЕВА
https://youtu.be/Uia3aL39yTY


 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
1114   27
11.04.2020
📝 Даанышман сөздөр Адамдардын эң жакшысы... Абу Хурайрадан (Аллаһ андан ыраазы болсун) келген хадисте Муса пайгамбар (Аллаһтын ага саламы болсун) Аллаһтан жети нерсе тууралуу сураганы айтылат: ١ - قال: يا ربِّ! أي عبادك أتقى؟ قال: الذي يذكر ولا ينسى. ٢- قال: فأيُّ عبادك أهدى؟ قال: الذي يتبع الهدى. ٣- قال: فأيُّ عبادك أحكم؛ قال: الذي يحكم للناس كما يحكم لنفسه. ٤- قال: فأيُّ عبادك أعلم؟ قال: الذي لا يشْبعُ من العلم؛ يجمع علم الناس إلى علمه ٥- قال: فأيُّ عبادك أعزُّ؟ قال: الذي إذا قدر غفر. ٦- قال: فأيُّ عبادك أغنى؟ قال: الذي يرضَى بما يُؤتى. ٧- قال: فأيُّ عبادك أفقر؟ قال: صاحبٌ منقوصٌ. 1) - Муса: «Оо, Раббим! Кулдарыңдын ичинен эң такыбасы ким?», - деп сурайт. - Аллаһ Таала: «(Мени) ар дайым эске алып, эч убакытта унутпаганы», - дейт. 2) - Муса: «Кулдарыңдын ичинен эң туурасы ким?», - деп сурайт. - Аллаһ Таала: «Хидятта жүргөнү», - дейт. 3) - Муса: «Кулдарыңдын ичинен эң адилет өкүм кылганы ким?», - деп сурайт. - Аллаһ Таала: «Өзүнө кандай өкүм кылынуусун кааласа, өзгөлөргө да ошондой өкүм чыгарганы», - дейт. 4) - Муса: «Кулдарыңдын ичинен эң билимдүүсү ким?»- деп сурайт. - Аллаһ Таала: «Илимге эч качан тойбогону жана адамдардын (аалымдардын) билимдерин өзүнө жыйнаганы», - дейт. 5) - Муса: «Кулдарыңдын ичинен эң урматтуусу ким?», - деп сурайт. - Аллаһ Таала: «(Бирөөнү) жазалоого күч-кубаты жетсе да кечирип жибергени», - дейт. 6) - Муса: «Кулдарыңдын ичинен эң байы ким?», - деп сурайт. - Аллаһ Таала: «Берилген (ырыскыга) ыраазы болгону (б.а. эң каниеттүүсү)», - дейт. 7) - Муса: «Кулдарыңдын ичине эң кедейи ким?»- деп сурайт. - Аллаһ Таала: «Берилгенди аз санап (дагы кошумча дүнүйө талап кылганы)», - дейт.
Загрузка...
83   1
20.03.2020
"Апаатка такаат" социалдык долбоору «Ата- журт кыйын күнгө кабылганда, айлансын ар бир ишкер чагылганга!» Урматтуу ишкерлер! JIA Бизнес-ассоциациясы жана “Элим, Барсыңбы?!» коомдук кайрымдуулук фонду "Апаатка такаат!" аталышындагы коронавируска каршы социалдык долбоорду жарыялайт. Дүйнөдөгү Саламаттык сактоо тармагынын тажрыйбасы коронавирус илдетинин көбүнчө жашы 60тан өтүп калган кары адамдардын ден соолугуна жана өмүрүнө кооптуу экендигин көрсөттү. Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин берген тизмесине таянсак, Кыргызстанда 4500 жакын багар-көрөрү жок кары адамдардын бар экени белгилүү. “Апаатка такаат!” долбоору ишкерлердин колдоосу менен өлкөбүздүн жарандарына COVID-19 коронавирусунун жайылышына бөгөт кылуу максатында жашы улгайган адамдарга жардам берүү максатын көздөйт:mask: . Аларга коронавируска каршы антисептикалык тазалоочу каражаттар жана эң негизги деп саналган азык-түлүктөр таратылат Сиздин кайрымдуулугуңуз ар бир муктаж үй-бүлөнүн бүгүнкүсү жана эртеңкиси үчүн абдан маанилүү! _ Андыктан, колуңуздан келген жардамды төмөндөгү “Элим, барсыңбы?!” ККФнун эсебине которсоңуз болот ЭЛСОМ: 0770 00 40 44 Баланс: 0770 00 40 44 МБанк: 0770 00 40 44