Айзада Жамгырчиева
@aizada_jamgyrchieva
Айзада Жамгырчиева

Подписчики: 1420162
Посты: 3430
Подписки: 59
🇰🇬Кыргызстан 🇰🇬Журналист, алып-баруучу 🇰🇬По поводу сотрудничества/рекламы +7-777-5555-826 Куаныш (whats app), выступления Нурназир (0707)-89-88-80
Загрузка...
ДОСКО КАТ! Салам дос, Мен баягы жолдо турам, Сага бир барсам деген ойдо турам. Билбеймин кайда экенин башка достор, Ортого мезгил дубал орнотулган. Турмушка куурчак болдук ойнотулган, Көр тирилик кызыгына батып алып, Билинбей туш тарапка чачырадык. Дүйнөнү багынткандай басып кеттик, Болгону бирден сулуу катын алып… Эх досум, Кандай таза балдар элек… Сөөлөткө, шөкөттөргө алдана элек. Достукту ыйык тутуп баарысынан, Чок сыңар жалын чачып жанган элек. Чогулуп Манас, обон, жаңы ыр угуп, Жаштыкты өнөр үчүн сайган элек. Оо, азыр убакыт жок көрүшкөнгө, Арманды, кубанычты бөлүшкөнгө, Жадатты супсак көздөр, сылык сөздөр, Мен бүгүн сага атайын барайынчы, Ыр окуп анан досчо сөгүшкөнгө… Эх досум, Өмүр деген аргымакпы, Шашабыз карап алып алды жакты. Билемин канча боздоп ыйласак да, Бизге эч ким кайрып бербейт ал куракты Эми түк ырдап бербейт баягыдай, Капилет жоготконбуз Калмуратты. Обонун уккан сайын ыйлайт жүрөк, Мени бир оор санаа кыйнап жүрөт, Барында бапыратып мактай албай, Калдык биз ошол досту барктай албай. Эх досум, А мен болсо оңолбодум, Махабат дартка айланды аякпаган. Дагы эле өксүгүмдү жоготподум, Дагы эле баягыдай азаптанам. Дагы эле жетимсирейм, кусаланам, Дагы эле ыр жазам деп ушаланам. Дагы эле кежир анан кырс бойдонмун, Дагы эле тамаша айтсаң ызаланам. А баса, коркпо бирок тоорулам деп, Азыр мен баягыдай ичпей калдым, Мас болуп милицияга түшпөй калдым…. Салам дос, Мен баягы жолдо турам, Сага бир барсам деген ойдо турам… Зайырбек Ажыматов📝

Загрузка...