Актан Рыскелдиев
@aktan_ryskeldiyev
Актан Рыскелдиев

Подписчики: 996695
Посты: 542
Подписки: 60
📝 @1.1studio 🎤 @1.1events 📺 @koshuna_tv 🎭 #ЭркеСары 🔈 @bloggersmedia.pro Реклама же сунуш болсо: 👉 Direct же 0700299099 _ YouTube каналым👇
https://www.youtube.com/channel/UCxMxPCqeoGEL9wtyTsMBKVQ
Загрузка...
9 декабрь. 2008-жыл. Филармония! Искусство институтун (азыр университет) студенттери (арасында Феруза экөөбүз) Кыргыз Телевидениесинин 50-жылдык мааракесинде мини-спектакль көрсөтмөкпүз. Аябай катуу даярданганбыз, биринчи жолу Президенттин (К. Бакиев) алдына чыгып ойнойбуз да. Иши кылса сахна арты ызы-чуу. Менде маанай өлгөн, анткени бир нече күн мурун Феруза менен "типа" урушуп кеткем. Ал жүрөт гримёркада "повод" бербей. Кантип барып кечирим сурайм? Кантип барып көңүлүн алсам ыя, деп мен бушайман. Мээмде миллион сөз жаттап атам. Анан эптеп мандраж болуп атып баратам. Бараарын барып алып Ферузанын жалгыз калышын күттүм. Же баары батыраак чыгып кетсечи гримёркадан. Иши кылса бир учур таап барып болгонун болгондой айттым. Баарын кайрадан баштайлычы, мен сенсиз жашай албай калыптырмын "уже" депчи. Анда мен Красавчигирээк болчумун, чын. Чөнтөктө сокур тыйын жок, курсакты болсо шамал аралап жүрөт. Кийгеним сэконд-хэнд, же атамдын кийимдери. Өзү деле билбейт эмнеге мага алданып, мени сүйүп калганын😂 Эми сүйөт болуш керек, азыркыга чейин жанымда жүргөнүнө караганда... Менин сырдашым, досум, братым, стилистим, доктурум, критигим, келинчегим, балдарымдын апасы - биздин тарыхыбыздын башталганына бүгүн 11 жыл болуптур❤️ Сүйөм сени! #Альхамдулиллях @feruzalikovna

Загрузка...