13826 264
27.12.2019
Bishkek, Kyrgyzstan
"Карочи", мен кечээ минтип ойлонуп атпаймынбы! Эмне үчүн МЕН мобул маселелер жөнүндө такыр ойлонбойм депчи:
🤔 Балдардын курсагы ачкабы, токпу?!
🤔 Алардын кирлерин жууш керекпи?!
🤔 Бүгүн эмне тамак жешет?!
🤔 Эч жери оорубай элеби?!
🤔 Кийимдери тазабы?!
Албетте аларды АПАСЫ ойлоп эле, багып атат дечи. Бирок, мен АТАСЫ катары эмнеге ушуларды ойлонбойм ыя?! Деген ой келип бир кызык болуп кеттим... Апасынын милдети да, деп мындан ары ойлонбой жүрө берсем болобу?
Кыскасы, оюңарды айткылачы👻