19446 403
07.01.2020
Bishkek, Kyrgyzstan
Унчукпай жата берели да ээ?!
Кыз-келиндер ур-токмоктон, зордук-зомбулуктан өлүп атат. Укуктары тебеленип жер менен жексен болуп атат. Эркектер "эркек" болбой баратат. Менин аялым, эмне кылсам өзүм билемдик, айланадагылардын кайдыгерлиги. А биз жата берели. Биздин район тынч эле, биздин айылда баары жакшы, биздин үй жылуу деп коюп жата берели.
Эмнеге чыдап жашай беришет ыя?!😫 Ушундай зөөкүрлөрдү билип тааныгандар - унчукпай жүрө бербегиле, айткыла, токтотолу! Алдын алуу керек!