Kyrgyzstan
Мен силерди жакшы көрөм 💛
_________________________________________
...деп баштагым келди бүгүнкү жазуумду 🥰😘, эмнеге дегенде кандай кырдаал болбосун биз өзүбүздүн сабырдуулугубуз менен көп нерсени жеңип келген күчтүү калкпыз ✊!! Мен билем.... 1994 же 1995 жылдары ушу бизде катуу "ачарчылык" болгон 🤦♀️.Советтер Союзу урап, акчанын куну кетип, эмнегедир жөнөкөй эл катуу кыйналган... Эптеп бир ууч ун таап ага картошканы "мундур" бышырып, унга кошуп нанга окшогон нан жасап, аны үй булообуздо канча киши болсо апам баарына тегиз болуп, курсагыбызды ошонтип алдап , ачарчылыктан чыккан күндөр артта калды 🤷♀️.. Кандай гана кыйналганбыз 😏🤭!! Азыр кыздарыма айтып берсем, чын айтайын ишенбейт 💁♀️.
________ Муну менен эмне айткым келди 👆 азыркы кырдаал!! Келгиле сабырдуураак бололу 🙏!! Кудайдын берген сыноосун "паникага" алдырбай которолу 🙏
Бул да өтөт кудай буюрса 🙏!! Бир сыноо катары кабыл алалы 🤲!! Баарыңарга ден соолук каалайм 🙌 😘
_________________________________________
Күлүп жашайлы 👍 @aruuke_abdrahmanova_official
________________________________________
#всемдобра🙏#всепройдет