11-болук.Зоя-биздин уйдогу жалгыз майын да берген,сутун да берген,нары ото жоош уй було мучосундой эле болуп калган да.😥.Карасам,коздору сулуу,аялуу,апам айткандай бир аз арык.
--Мени эмне саттынар,мен силердин баарынарды жакшы кором,сагынам мен эмне куноом учун,башка айла жок беле?,Алып кеткиле мени азыр эле жетелеп,деген эле коз... 😥.Бизде огород кенен,бош эле журчу да,азыркы ээси чоон,узуун казык менен байлап,тегерегинде чоп деле жок,ыссык, суусаган да болуш керек деп,апам экообуз жалгыз талдын астына жетелеп,суугарып,кайра чоптуу жерге казыгын апам какты,чоон таш таап,каккан сайын,тарс,тарс деген ун,менин эле башыма чапкандай болду...😥. Кайра,баардык инсандын сырын,ырын,таарынычын,суйунучун,суйуусун каткан,суукта жылуу,ыссыкта,колоко,жамгырда башпаанек,шамал болсо,озун тоскон---сырдакана ЖАЛГЫЗ ТАЛГА келип,андан нары уйго келдик.Зоя,бир аялуу,журокту тилген боюнча ал да калды.... Бир жумада эки барам музыкалык мектепке.Асан агайым,бою узуун,озу да кен далылуу,колдору чоон,эмнегедир азыр эле самындап жуугандай,колдору кургак,бир аз тулоп турчу,мага уйроткондо баягыл кургак манжаларынан жагымдуу бир жыт келип турчу.(балким кургагынан крем сыйпайбы билбейм.)😊.
----Алтынай келдинби?деп,ошондой чоон,калдайган болсо да,мунозу сылык,жумшак,созулган агай болчу.Ар дайым мени атайын куткону корунчу мага.Коздорун чоон ачып,жылмайып кабыл алат.
---Аккардеон алдынарбы?
---Жоок,акча жок болуп жатат.Чыгарманы ойнойбуз,агайым экообуз.Айгуль,Анара,Зина,Мойдун,Бектемир деген,бир курактагы балдар,кыздар чогуу окуйбуз.Баары центрлик,айылдан бир мен.Арасында орус мектепте окугандары да бар,орусча суйлошот.Аларга мени корсото берет агайым,силердей бул байкуштун аккардеону жок,ошондо да силерден жакшы окуйт.Сабак бутоору менен,мени жетелеп,биздин айылга келет Асан агайым.
-'--'Эже,бир нерсе кылып,айласын тапкыла эми.Кызда талант бар.Картон кагазга чийип бергениме деле 2ай болду,качанкыга чейин картон кагазда ойнойт....Жини чукул агайым,мени таштап кетет кайра центрге.Азыр аябай ыраазы болом агайыма,ара чородо барып калам.Рахмаат Асан агайым,сизге омур,ден соолук тилейм!!! Апам экообуз Кара-Сууга бардык.Жапжашыл"Березка"деген аккардеон сатып берди,150сомго.