Алтынай Нарбаева
@altynai_narbaevaofficial
Алтынай Нарбаева

Подписчики: 152715
Посты: 259
Подписки: 614
Заслуженная артистка КР🇰🇬🇰🇬🇰🇬 По вопросам выступлений обращаться к администратору📞📞📞+996501932305 +996776826444
Загрузка...
14-болум.Баарыбыз кыздар ынтымактуубуз.Талаадагы ата-энебиздин эккен эгиндерин,ашар сыяктуу чогуу барып бутуробуз.Абдан кызык,кечке шарактап кулуп,кандай иш бутконун билбейбиз. Ошондой кундордун биринде,мен биринчи партада,мугалимдин тушунда отурчумун.Жаны окуу жайды бутуп,физкультура сабагынан Жандарбек деген агай келди бизге.Агай бойлуу,кара торунун сулуусу,чачтары капкара,кийингени да озуно ото жарашыктуу.Велосипеди менен келчу.Бизге велосипеди да жакшы корунот.Орус тилинде окуп бутконбу,айтор кыргызча суйлогондо,бир жагымдуу суйлойт да. Райондук,областтык соревнованиелерге барабыз,волейбол,баскетбол,чуркоо,узундукка секируу...ж.б.Агай бизге билимин,билгенин кооп жумшады.Ошон учун мен да волейболду жакшы ойнойм.Азыркы кунго чейин мектепте мугалимдер ойнойбуз.Ошол мезгилде узундукка секируу боюнча Дилбар экообузду даярдап,мектепте кумга секире берип,секире берип,эртеси соревнования эмес,мектепке келе албай калганбыз.....😀 Анан пахтага барабыз,баарыбыз катар жоокторго тушобуз.Чарчап отурсан эле,эже,агайлар тургузат.Белин ооруйт,тырмактарындын асты тытылат,канайт,колдорун тытылат,жарылат азап......Ошол кундору да Жандарбек агай дайым биз менен.Агайлар корунгондо теримиш болобуз,колдорубуз безилдейт.Анан эле карасак,качан болбосун,менин жоогумдун аягында агай,жардам берип пахталарды узуп,узуп,бизге карап келет.Анан эле кыздар,баштайт.Кандай бактылуусун,кана менин жоогумо тушкону,кундо сага жардам берет деп....Агайдын чатыраш костюму бар эле,озуно оло жарашчу....Бирок эч кимибизге деле соз айтпады,кыздардын баары жакшы корчубуз.Маданияттуу,интелигент,ото тыкан агай журогубуздо кетти баарыбыздын.Анан мен бир агамдын баласынын атын Жандарбек койгула деп,атын койгом .Ошол агайдай болсун деп...Баарыбыз кийин окуп,билимдуу болсок,ушул Жандарбек агайдай жигит жолукса деп,тилээр элек.Сиз бизге жигиттердин идеалы,улгусу катары калдыныз.Кийин биз окуу жайларга отуп,айылга келсек,агай уйлонуптур.Кыздар чогулуп,"Кайгылуу Какей "болдук дегенбиз.Ойлоптурбуз биздин кыздардан эле,биздин айылдан уйлонот деп,жанылыптырбыз...Эч корбодум,кийин агайыбызды.Бактылуу болсун,бул биздин балалыктагы ак,таза сезимдер болчу.Жашообуздун картасындагы бир жакшы кундорду эскеруу ...

Загрузка...
2644   182
28.06.2020
Кутман таныныздар мененЗАМАНДАШТАР!!!Эгер эмерек жасатам десениздер Арстан балам экообузго буйрутма бериниздер.Кече кызыбызга ушундай белек алып келип суйундурду.Алла ыраазы болсун,бактылуу бол!!!🤲🤲🤲.Арстан "АПАМ жана МЕН"фондунун кайрымдуулугунда чогуу иштешип,мага балам болуп калды.Эми экообуз чогуу эмерек жасайбыз деп,контракт туздук.Мен ото кызыгам устачылыкка.Бизге ак батаныздарды берип коюнуздар.😊.Кудайым буюрса ырдаганча,эмерек жасай берем.Ынтымактуу бирге далай ийгиликтерди багынталы.Биз тортообуз,мен АПАСЫ,учоо балдарым .Ак тилек менен уюшулдук Келиниздер сиздерден буйрутма,бизден ыры менен,мээрими менен,таза сапаттуу жыгач,туркун материалдардан,сиз каалаган эмеректин туру уйунуздон орун алсын.Баса,озум кошо барып,ак тилегим менен,ыр ырдап,ак батамды берип турам🤲Кандай жаш озгочолугу болбосун,чиркей,чымындан коргой турган сонун тюльдары менен жасайбыз.👍👍👍.😊.Чалыныздар.@mebelnazakaz0703912626
1413   253
20.06.2020
Кутман тан ДОСТОР,ЗАМАНДАШТАР!!!Маанайыныздарды эртелеп тушурсом кечирим сурайм.Ото окунучтуу кабарларды угуп,аял,эне катары журогум ооруп чыкты.Озу илгертен эле кыз торолсо иий деп,ЭРКЕК торолсо,"ОО"деп,суйунгон ундорду,жылмайган жуздорду коргом...😔.Эмне учун КЫЗБАЛАГА ушундай мамиле???Бала туйулдукто пайда болгондон,эр жеткенче жылуу алкоолорго,баа берууго,мактоого,колдоого муктаж...😪.Ошол мээримге болонбосон,кыз болуп торолсон суйунбосо,анан кандай муноздо болосун???Созсуз аз суйлогон,(жабык)скрытый болосун.😰.Созун соз эмес,келсен "кел,тур"жок,анан бир мырзаны жандап,уй було курасын..Артындан келишпейт,созго солпук,кепке келпиксин....😭.Аны эч ким билбейт,басмырлайт,кемсинтет...😭.Анан каалаганын жасайт да омур шеригин,ундобой торойсун,алар деле тоготпойт,себеби оо башынан кеткен балык...😭.Анан сен оюнчук,мишень катарындасын.😪.Кийин куйумдуу ким?Баягы КЫЗЫН!!!Оорусан жетип келген,тынбай болсо,болбосо тыйын саласын,бекитип,укутуп,😪.Чаар ала сумканы жонотосун,кыйналбай жашашсын деп...😪.Барганда бапыратып алып барасын,кошуна,туугандын алдында манкайып турушсун деп...😥.КЫЗ--уй боорлуу,энелик мээрим менен торолот.Силерди дегенде канаты гана жок,жакшы кабар укса ото суйунот,а эгер начар,уруш,жанжал жонундо укса,ичтен сызат,ичтен ыйлайт,оксуйт😭😭😭.Кечеки бычактан каза болгон келин,кайгыга салды.Бейишин берсин..😭🤲🤲🤲Донголоктогу эжеке!!!Журокту тилдинер..Озунузду караныз,ден соолугунузду,озунузду кадырлап,бааланыз.Бир эле жолу омур!!!Ар бир кунду маанайда жашаныз.Аманат баары КУДАЙЫМДАН...😭😭😭.Кудайым ургаачыны тукум кобойтсун деп,жараткан озунон кийинки жардамчы катары...Эмне учун ушундай мамиле???😭.Баардык туйшук аялда,анан кордугу да аялда???😭😭😭.КЫЗДЫ суйолу,кадырлайлы,коргойлу,билимдуу болсун,тарбияга суугаралы,,моралдык жардамга ото муктаж кызбала,ар дайым чекесинен опкуло,себеби бешенен ачылсын,мандайын жарык болсун деп,сиздерди сыртыныздардан багып,коргоп,тилеп,ар дайым жол карап,кутот.Котормолоп артынан кабар алалы,белек,бечкек берели кубансын,конулу оссун!!!😘😘Сени секунд сайын ойлогон ошол сенин ПЕРИШТЕН!!!Бактылуулук тилейли олтуруп,туруп,ыйман тилейли!!!🤲🤲🤲.Эркектер,мырза,жигиттер,ата-энелер,😰!!!Ой,пикир кутом...😪.