Алтынай Нарбаева
@altynai_narbaevaofficial
Алтынай Нарбаева

Подписчики: 152715
Посты: 259
Подписки: 614
Заслуженная артистка КР🇰🇬🇰🇬🇰🇬 По вопросам выступлений обращаться к администратору📞📞📞+996501932305 +996776826444
Загрузка...
15-болук.Ошентип,айылдан алыстап,Жалал -Абад маданият техникумуна уйломо аспаптар оркестри болумуно тапшырып,окуп калдым.Бизди отушубуз менен эле,жузумго алып кетти.Жузумдун турун теребиз,томолок,дамский пальчик,кишмиш...ж.б.Мен омурумдо корбогом, жузумдун катар тигип,эккенин.Старостабыз Туташ деген аке болду,жашы бизден бир топ улуу,ото тамашокой,комуз менен ырдайт.,Эки,экиден болунуп,терет экенбиз.Туташ аке мени тандап ,сен экообуз иштейбиз деди.Экообуз,элден мурун жетебиз саптын аягына,себеби ,Туташ акем ушугчалык тез терет экен жузумду.Мурун терип жургон окшойт.Бир куну эле,кийинки саптагы балдар биздин жаныбызга келди,бири бирибизди жакшы деле тааныбайбыз.Анан баары олтурду чоптун эле устуно.Чоптор орулган,сапсары каттуу ийнедей,андан жоон,Туташ аке колумдан тартып эле отур деп,тартты эле ,козумо от чагыла тушту,баягы ийнелерге отуруп калдым.....😥.Кийгеним трикотаж спорт костюму болчу жука,козумдон молт,молт жаш тамды.... --Эмне болду сага ?-дейт баары. ---Эч нерсе деп,эле ыйлай бердим....😥.Баягы терен сайылган чоптор, оло оорутуп жатты.Балдар кеткенден кийин турдум,кээ бирлери жоон да,канап кетиптир.Маанайым тушту аябай,устумдогу костюмумду белиме байлап,жумуш бутуп кайттык. Бир, эки кун отпой эле тамекиге иштедик.Отуруп алып,сыз жерде тамеки тизебиз.Бир мезгилде эле лукулдатып,оло чоп сайылган жерим ооруду,чыдап журо бердим.Бир жума болгондо баспай калдым,ишке барбадым.Медайым келип,шаарга поликлиникага жонотту.Ошол арада эле бир группалаш жигит,гитара ойноп,ото каттуу ырдайт экен.Завхоз,тамак,аштын баары ошол Исмадиярдын колунда экен.Анан мени ошол Исмадияр машина менен поликлиникага алып барды.Ооруган жерим же айталбайм,анан врачка айттым.Денемдин табы жогору,корсо баягы чоптордун бир,экоосу сайылган боюнча калып калыптыр.Сызда отурганда,сууктап,ириндеп,шишип кеткен...Врачтар кесип,чопторду колума берди.Баягыл сары чоптор,жапжашыл болуп,осуптур менин денемде...Узундугу ийнеден эле бир аз кыска.... Исмадияр,ошол кундон баштап эле,мага тамактын эттуусун,таттуулардын мыктысын алып келип,бир группада окуйт экенбиз деп,мени бага баштады.Бир жумадай чыкпадым.Биз он жети бала,беш эле кызбыз. Бир ай журдук ошол мезгилде жузумдо.....

Загрузка...
2644   182
28.06.2020
Кутман таныныздар мененЗАМАНДАШТАР!!!Эгер эмерек жасатам десениздер Арстан балам экообузго буйрутма бериниздер.Кече кызыбызга ушундай белек алып келип суйундурду.Алла ыраазы болсун,бактылуу бол!!!🤲🤲🤲.Арстан "АПАМ жана МЕН"фондунун кайрымдуулугунда чогуу иштешип,мага балам болуп калды.Эми экообуз чогуу эмерек жасайбыз деп,контракт туздук.Мен ото кызыгам устачылыкка.Бизге ак батаныздарды берип коюнуздар.😊.Кудайым буюрса ырдаганча,эмерек жасай берем.Ынтымактуу бирге далай ийгиликтерди багынталы.Биз тортообуз,мен АПАСЫ,учоо балдарым .Ак тилек менен уюшулдук Келиниздер сиздерден буйрутма,бизден ыры менен,мээрими менен,таза сапаттуу жыгач,туркун материалдардан,сиз каалаган эмеректин туру уйунуздон орун алсын.Баса,озум кошо барып,ак тилегим менен,ыр ырдап,ак батамды берип турам🤲Кандай жаш озгочолугу болбосун,чиркей,чымындан коргой турган сонун тюльдары менен жасайбыз.👍👍👍.😊.Чалыныздар.@mebelnazakaz0703912626
1413   253
20.06.2020
Кутман тан ДОСТОР,ЗАМАНДАШТАР!!!Маанайыныздарды эртелеп тушурсом кечирим сурайм.Ото окунучтуу кабарларды угуп,аял,эне катары журогум ооруп чыкты.Озу илгертен эле кыз торолсо иий деп,ЭРКЕК торолсо,"ОО"деп,суйунгон ундорду,жылмайган жуздорду коргом...😔.Эмне учун КЫЗБАЛАГА ушундай мамиле???Бала туйулдукто пайда болгондон,эр жеткенче жылуу алкоолорго,баа берууго,мактоого,колдоого муктаж...😪.Ошол мээримге болонбосон,кыз болуп торолсон суйунбосо,анан кандай муноздо болосун???Созсуз аз суйлогон,(жабык)скрытый болосун.😰.Созун соз эмес,келсен "кел,тур"жок,анан бир мырзаны жандап,уй було курасын..Артындан келишпейт,созго солпук,кепке келпиксин....😭.Аны эч ким билбейт,басмырлайт,кемсинтет...😭.Анан каалаганын жасайт да омур шеригин,ундобой торойсун,алар деле тоготпойт,себеби оо башынан кеткен балык...😭.Анан сен оюнчук,мишень катарындасын.😪.Кийин куйумдуу ким?Баягы КЫЗЫН!!!Оорусан жетип келген,тынбай болсо,болбосо тыйын саласын,бекитип,укутуп,😪.Чаар ала сумканы жонотосун,кыйналбай жашашсын деп...😪.Барганда бапыратып алып барасын,кошуна,туугандын алдында манкайып турушсун деп...😥.КЫЗ--уй боорлуу,энелик мээрим менен торолот.Силерди дегенде канаты гана жок,жакшы кабар укса ото суйунот,а эгер начар,уруш,жанжал жонундо укса,ичтен сызат,ичтен ыйлайт,оксуйт😭😭😭.Кечеки бычактан каза болгон келин,кайгыга салды.Бейишин берсин..😭🤲🤲🤲Донголоктогу эжеке!!!Журокту тилдинер..Озунузду караныз,ден соолугунузду,озунузду кадырлап,бааланыз.Бир эле жолу омур!!!Ар бир кунду маанайда жашаныз.Аманат баары КУДАЙЫМДАН...😭😭😭.Кудайым ургаачыны тукум кобойтсун деп,жараткан озунон кийинки жардамчы катары...Эмне учун ушундай мамиле???😭.Баардык туйшук аялда,анан кордугу да аялда???😭😭😭.КЫЗДЫ суйолу,кадырлайлы,коргойлу,билимдуу болсун,тарбияга суугаралы,,моралдык жардамга ото муктаж кызбала,ар дайым чекесинен опкуло,себеби бешенен ачылсын,мандайын жарык болсун деп,сиздерди сыртыныздардан багып,коргоп,тилеп,ар дайым жол карап,кутот.Котормолоп артынан кабар алалы,белек,бечкек берели кубансын,конулу оссун!!!😘😘Сени секунд сайын ойлогон ошол сенин ПЕРИШТЕН!!!Бактылуулук тилейли олтуруп,туруп,ыйман тилейли!!!🤲🤲🤲.Эркектер,мырза,жигиттер,ата-энелер,😰!!!Ой,пикир кутом...😪.