Алтынай Нарбаева
@altynai_narbaevaofficial
Алтынай Нарбаева

Подписчики: 152715
Посты: 259
Подписки: 614
Заслуженная артистка КР🇰🇬🇰🇬🇰🇬 По вопросам выступлений обращаться к администратору📞📞📞+996501932305 +996776826444

 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
1226     24271
08.10.2019
Кутман тан достор!!!Ар бир АТА-ЭНЕНИН журогу балдарым учун деп согуп,жашайт экенбиз,токтоп калганча.....Шамал болсо да мага келсин,бороон болсо да мага келсин,керек болсо,колоко да мага тушсун деп.....кулачын,канатынды болушунча кересин....😊.Балдарыма деп,иштеп,шартын тузойун,кыйналбаса экен ушулар, деген эле АТА менен ЭНЕ...Чырпык болсо да ЭНЕ байкуш тиштеп уйго сызасын...👩‍👦‍👦. Кокус сыркоолоп калса,чыракты айланып дирилдеп учкан кополоксун.....Ошол ыйык АТА-ЭНЕНИН суйунуп,коз жашы кошо колдогон минуталар......Керемет,соз таба албаган сезим!!! Убакыт учкан куштан да тезирээк экенине ынандым.. боюнардан ананайын,жаркырап суйунуп турган козунордон ананайын,ортонордо бийик,ыйык махабат сезиминерден ананайын,ийилип таазим кылган журогунордон ананайын.....😥.Бактынарды тилейм,денинердин сак болушун тилейм,ортонордогу ыйык сезимди аяшынарды тилейм,биринди бирин мээрим менен тиктешинерди тилейм,башка жаштарга улгу болушунарды тилейм,улуу,кичууго урматынарды тилейм,ЭЛИМ учун деп,кызмат кылганынарды тилейм,каттуу чыкпай,шыбырашып кана тушунушунорду тилейм,кооп неберелуу бололу деп тилейм!!!💏.Гульнаркам садагам,жаркырагым,кучтуум,эмгекчилим,пакизам,паампарасаттуум,баатырым, тогорогу топ келишкен ПЕРИШТЕ келиним,сага да ыраазычылыгым айтып,СЕНДЕЙ болсун деп тилейм!!!🙏🙏🙏🙏🙏🤲🤲🤲🤲🤲😘😘😘😘💏⛳ @gulnara_kaharova
1135   39
03.12.2019
@zerkalo_kuzgu.kg @altynai_narbaeva_ @kenjeduisheeva74 @ernest_borubaev @kg.elmurat_official_page @gulzadaryskulova @dayir_ismadiarov @almaz_sher @gulnaz_chynybek_kyzy @daniyar_ermatov @ellada.asylbekova @kanatbek_ergeshov_official @munara_alimzhan_kyzy @nurjan_tumonbaeva @muras.majitov @t_sagynbaev_official @sagyn_ergeshov_officialКутман тан досторум!!!Бугун озгочо кун,дегеним:"ЖАКШЫНЫН---жарыгыгы ЖАЛПЫГА!!!деп,бекеринен айтылбайт экен.😊👍.Ушунчалык кичи пейил,жонокой,мээримдуу,камкор,мээримдуу ЭНЕ,уй булодо айтат ко "Арабаны 2 ат тартса оной"-деп,жайдары,ишкер куйоо балабыз ЖОКИГЕ да рахмаат,жубайынын жондомун коруп,баалап,барктап,мекеме ачып,энсеген максатына жеткирген!!!Мекеме---аарынын эле уясы,коз тийбесин!!!Кесибин суйуп,акча учун эмес,ишинин жыйынтыгы биринчи орунда турган ПЕРИШТЕСИН!!!Кесипкой инсансын,канчалаган уул,кыздарды окутуп,мунушкорсун,саяпкерсин!!!Коллективине мээримдуу,акырын коз менен гана суйлошуп койгон мыкты жетекчисин!!!!Ошол учун ийгилик,ынтымак ошол сен жургон жерде!!!Барсан бир жылуу,жарык уя!!!Баары жайнаган коздору,чуркап келип,кучактап калышат...бул сенин тарбиялаган,уйроткон интелекти бийик сенин жааматын,рахмат сага!!!Ынтымак,ушунунардан жазбагыла алтындарым,чыныгы журоктон чыккан мамиле ыссык,таза,ошол мамилени мен силерден кором,куч,кубат алам,сагынам...👍😊.Анысы аз келгенсип,сезимтал,акынсын,жан дуйнонду дурботкон табигатты,инсандын бийик же тайыз ,таза, же ылайка мамилеси сени кубантат,же иренжитет,аны сен чиймелей калып,ошондон канаат алып,женилдеп....мага окуп коюнчу деп жонотосун....👍😘😘.Ишеним артасын мага,бул мен учун суйунуч,кубанам чвгармачылына..😘😘.Суротчусун,романтиксин,философсун,акынсын,журогун ырдап журот ар дайым,унун да соонун.Ар бир ишиндин жыйынтыгына,жаш баладай ичкээ,назик колдорун чапкылап суйуносун...коздорун болсо жайнап,кулот...😘😘.Болот турмушта баары,баалабай,барктабай,конулду тушургон учурлар....анда козун кулбойт,бетин да киичине,арыктаап калгандай ...."Коз ыйласа-'--жаш чыгып корунот,а байкуш журок мин ыйласа да ичинде корунбойт экен".Алтын кызым,сен баардык адамды озундой ойлойсун,....жоок ар кандайбыз.Кумарам,туулган кунун менен!!!Ден соолук,омур тилейм!!!😘😘👪🤲Уландысы бар..
Загрузка...
1112   108
19.01.2020
6-болук.Агам,тоокту жеп,суйлоп берди. ---Биз дагы тоок багып отуздай,балапанынан бакканбыз да.Чоноюшуп,озу да парода тооктон экен,деп,шорпосун ичип,эттен тиштеп,чайнанып,суйлоп жатты.Менин балдарыма,бир Орозкул эле ,корунду агам.Коздорун оодарышып,теше тиктеп. ...😀🤣.Анан тоокторго оору тийиптир,даарылатыш керек экен деди женен.Бициллинби,пенициллинби билбейм,шприц менен отуз даана алып келдим да,ар бир тоокко жамбашына бирден ошол даарыдан укол бердим.Эртеси тан атканда карасам баары бир бутун которуп,гимнастика жасап жаткансып,жатышат.😔.Чуркап ветеринарга бардым,отуз тоогум тен жатат,бирден бутун которуп десем..Онолбойт,союп салыныз деди.Анан женен экообуз баарын союп,тазаладык,бир азап эле туйшугу.Корсо,ошол даарынын бироосу эле баарына жетмек экен,кокурогуно сайылат экен да тооктордун уколу.😀.Анан туугандарга конул алалы деп,тараттык.Озубуз да жейли деп,бышырсак,эти ачуу,баягыл даары,жей албай койгонбуз,туугандар эмне кылды экен билбейм...😀.Биз ыргытканбыз деп,созун бутту. Мен болсо,тоок баксам,ушунча болдум,эгер,кой,уй,жылкы багып калсам...😀.Эмне болоор экенмин деп,агамды караап,кулуп турдум....😀🤣.(Аягы).
1068   77
21.12.2019
Кутман тан досторум!!!Жазмакерлигим куткон досторум учун.Мен уй булодо сегиз бир туугандын эн кенжесимин.Чон эже,агайларым мен чонойгончо эле турмуш куруп,болунуп кетишкен.Мен апамдын кырк жашында торогон кызымын.Эжекелерим менен удаа тороп,ото уялыптыр.Торот уйуно деле озу барып,жалаяктарын даярдап,озу эле которуп чыгыптыр.😥.(Бейишин берсин апамдын).Апам жонундо болок озунчо жазам,журогум чыдабай кетти.Баардык кыздар,балдардай мектепке бардым.Жакшы окудум,активдуу кыздардын катарын толуктадым.Бирок журокто кетпес бир так бар.Уйдо эрке чонойдум,таттуунун таттуусу меники,майлуусу да меники...Бирок,мектепке барсам эле,бир лидер кызыбыз бар,болгону,болгон.Эми бала экенмин да,ошол журогум ооруйт,жалгыздык жанга батат.Ортодо создорду айтып келээр кыздар да бар.Анан сайын чунчуйсун.Балалык таза журогум,мектепке бараарда сыгылат,бирок сабакты калтырбай жакшы окуйм.Кошуп калса менден бактылуу бала жок,бирок ал аз эле болоор эле...😔.Кундордун биринде терезе пардоого 20тыйындан чогултабыз деп эжейибиз айтты.Ал убакта мен чогуумун,биргемин.Уйго келип,апамдын паластын астына койгон тыйынын алып,баардык класка толоп койгом.😊.Анан баягыл лидер кызыбыз эжейге айтты. --Каяктан алдын? --Апам берди.(жалган айттым).Ишенимдуу,себеби мен кыздар менен чогуумун.Ал бакыт мен учун,баарынан кымбат.Узакка созулбады суйунучум. Мектептен эжейим уйго кошо келди.😔.Ошондо 10жашта, 4класс.Апама айтты,4 сом уурдап,пардоого толоду деп.Чогуу чай ичишти,кошуна эле турчубуз 4,5уй нары,мен олтурам кунолуу,Мен эмне учун ошол ишти кылганымды алар билбейт да...Ал уурулук экенин деле билбегем,болгону жакшы корунуп,максат,тилегим кыздар менен чогуу болуу...Айыл жеринде акча деле ото керек эмес,баары даяр.Сут,май,жашылча,жемиш огородтон эле чыгат..Апама ыраазымын,эжейим козунчо эч нерсе дебеди,бирок козунон коруп турам,онбой калаарымды.🥺.Кетти эжейим,апама тыйынын кайтарып....Узатып келди да,бери бас деди.Чачым белиме жетчу,коюлугун айт,ар дайым эки чач кылып оруп берчу. ---Мен кандай жанымды эгоолоп журуп,тыйын кылам.Баарынардын устунду,тамагынды ойлоп....озумо бир жоолук албайм деп,бир чымчып алды..Козум жашы кол.Мени уят кылдын,эми баары соз кылышат.,дагы бир чымчыды,.(уландысы бар)