Кыргызымды кайсы жерден көрүп калсам, сөзсүз акыбалын сурап, учурашкым келет . Кээде сурөткө түшүп, саламдашкандан уялып качып кетишет. Ал эми улуураак эжелер, сиңдим, кызым деп кайрылышат. Кечээ концертке барсам эл кире элек экен. Түз эфирге кирип, сүйлөшүп жаткам катталуучуларым менен. Көрсө алардын катарындв эжекемдер да бар экен. Дароо мени таап келишти.
Бир четинен сүйүнсөм, бир четинен жүрөгүм тилинип жатты. Озгочо бата берип жаткан эженин 15жылдан бери бул жакта жургонун угуп, кучагыма бекем кысып жерибизге алып кетким келди. Энелерибиз неберелерин карап, балдары нуруктуу жакшы маянасы бар жерде иштесе сонун болмок. Мен Москвада жургондо Бишкекте жургондой элемин. Айдоочудан баштап, банктагы кызматкерге чейин биздикилер. Ашпозчу, сатуучу, официант, сулуулук тармагын айтпаса да тушунуктуу. Бирок, абдан сыймыктанам! Иштерманбыз! Жалкоолуктан алыспыз! Чынчылбыз! Боорукербиз! Ийкемдуубуз! Таланттуубуз! Ушул сапаттар менен мыктыбыз! Ооба, тундо мен сторисиме жазгандай, фабрика, завод курам! Силерди чакырам КЫРГЫЗСТАНГА 🇰🇬!!!!
Ден-соолукта болгула!!! Балким кимдир бироо Москвада кыйналып жатса, же кеп кенеш керек болуп жатса @my_devochki_kg баракчасына баш багып, мага байланышыныздар. Инстаграм аркылуу ынтымака чакырам!