Кайратова Анжелика
@anjelika_kairatovna_official
Кайратова Анжелика

Подписчики: 2308176
Посты: 9726
Подписки: 50
🎶 Singer from Kyrgyzstan 🇰🇬. Founder "Star KG Production Studio”, “Lika beauty”. Contact: (what’s up) +996559120000; +7(777) 5555-826
https://www.youtube.com/c/AnjelikaKairatovna


 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
34020   1281   305069
02.04.2020
Берекем кызым... @aselkadyrbekova жаңы ырына биз дагы слайд жасап көрдүк. Жакшы чыгарма болуптур, азамат! Менден үч кызым тең сурай берет. Мен кандай элем жаңы төрөлгөндө ? Тентек белем? Ыйлаак белем ?-деп. Баланы оңой эч ким чоңойтпосо керек. Айымкам гипертонус болуп, төрөлгөндөн баштап массаждан чыккан жокпуз. Баспай да калышы мүмкүн деп коркутушкан;((. Бирге чыккан соң, аябай тентек болду. Мектепке бараары менен токтолду. Азыр абдан жоош кыз💐❤️. Элимамды аябай кыйналып жатып, акыры аны дагы кесарево жолу менен 15 саат толготуп төрөдүм. Бир айында -үч айлыктай толук болчу. Сүтүм көп,майлуу эле. Апам үй болсоң союшмак эмес деп күлүп калчу😂. Өтө эркелеп чоңойду. Айыма кызганып күндө тарынаар эле. Айлинкам төрөлгөдө экөө эже болуп, аябай жардамдашты. Ары басып кетсем, Айыма сникерс , конфет оозуна сала калат эле😅. Элима сурабастан көтөруп алчу. Баарынан кызыктуусу, Айлинди 1-октябрьда төрөйт элем. Алдын ала пландалган үчүнчү операциям болгондуктан, бир жума бою качып жүрүп төрөтканадан, 7-октябрь төрөгөм. Бир күн жатып, 10-октябрь түз эфирге “Муз обого” чыкканым эсимде. Андан соң, декабрьга чейин күндө той. Айлинкам өзгөчөлөнүп, эң кымбат коляска, манеж, кийимдердерде чоңойду. Ушул үчөө үчүн талыкпай иштеп келем. Эң жакшы нерселерди арнайм, аракет кылам аман болсом, көп дагы жакшы нерселерди жасайм.
Загрузка...