Кайратова Анжелика
@anjelika_kairatovna_official
Кайратова Анжелика

Подписчики: 2308176
Посты: 9726
Подписки: 50
🎶 Singer from Kyrgyzstan 🇰🇬. Founder "Star KG Production Studio”, “Lika beauty”. Contact: (what’s up) +996559120000; +7(777) 5555-826
https://www.youtube.com/c/AnjelikaKairatovna


 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
10980     140478
13.11.2019
Мен ашып кетсе үч күн эс алат экенмин. Ал эми бир күн интернетке кирбей коё алаарымды билдим:)). Тамаша иретинде бул билдирүүм болсун. Жакшы эс алдык. Алдыдагы көп иштеримди кагаз бетине жазып, катуу киришкени турам. Алты күн кучагымда кыздарымды бекем кысып, мыкты эненин сезимдерин сездим. Бир күнү чоңоюшуп башка бүлөгө барышат. Сыйлуу кыз болушсун. Өз көңүлү, ою менен жашашат. Эч качан мен жеке жашоолоруна кийлигишпейм. Бир гана болушунча колдоо көрсөтүп, суранычтарын аткарып, небере баккан тайэне болом, буйруса. Үлгү катары апам @gulikai62.6895 бар, же инстаграмдан карап турган @simona280 дай болсом керек. Өзүмдүн чакан рестораным болот. Жакшы көрүп кыздарымдын жеген тамактарын элге жасайм. Таттуу, түрдүү шоколаддарды чыгарам. 💖Тагдырым буйруган туболук жарым менен чай ичип, китеп жазгым келет. ❤️Мына ошондой менин кыялым... Менин сүйгөн ырым #жолукпайкалсанэгер @gulnursatylganova
Загрузка...
19452   232
12.11.2019
Жаңы күндү жаңы жашоодой тосуп алууну үйрөндүм. Жашоо көп эле мени сынады. Чайпады, канча ичимен тызылдатса- ошончо берекесин да унутпады. Менин ырыскы чөйчөгүмдү ойлоп, бул кандайча ээн эркин каражат коротуп жүрөт дегендерге айтаарым: бала кезден берешенмин. Канча берсем, он эселеп Кудайдан кайтты. Кээде “эртенки күнүм кандай болот ?” - деп ойго түшкөн маалымда, аракетчилдигимди баалагандар аркылуу береке бат эле келип калат. Көбүнчөсү “жарнама”, ооба инстаграм аркылуу бир бизнести катталуучуларыма сунуштоо. Жыл башында беш- алты компанияны катуу жарнамалап, үйүмө ремонт иштерин бүтүрүп, кирип алдым. Кийинчирээк дагы көптөгөн компанияларга менеджер болуп иштеп күнү- түнү бизнестерин калыбына келтирип, дизайнерлер аркылуу оңдоо иштеринде уйкусу жок иштедим. Жүзүм кээде чарчап турса боёп, көздөрүмдүн кызарганын билгизбей, күндө жарнамага тартылуу адат болуп калган. 9жашыман бери чоң кишидей иштегенди билем. Мендеги чыдамкайлык мен билген тааныш, жардамчыларымдын бирөөсүнөн дагы көрө элекмин. Суукта тоңсом да жылмаюуу бала кезден бар. Бир күн жанымда менин режимимде жүргөн айым- үч күн эс алат. Кудайым көп жөндөмдүүлүк бериптир, туура алып кетип жатам. Мени ырчы деп эле ойлосонуздар, андай эмес. Менин коп кесиптериме дагы негизги кесип кошулган. Мен акыркы эки жылда эки өлкөдө “стартапер” болуп иштейм. Кандай бизнес болбосун нөльдөн баштап иштетүүгө, каражат көтөрүүгө жардам берем. Белгилүү компанияларынын көп кыймыл иштери мага таандык. Азыр чынында жакшы сунуштар баракчама чыгып турат. Туруктуу ишкерлер менен кызматташууну жактырам. Алар дароо бир же эки жылга келишим тузушот. Берилип бир жумушту аягына ийгиликтүү чыгара иштейм. Айтор, кээде баракчаман жарнама көрүп калсаныздар колдоп коюңуздар, сиздердин мага болгон белегиңиздер болот.
11445     146143
11.11.2019
Всемирный День женского предпринимательства 2019 Объединение «Женский Форум «Курак» приглашает всех желающих отметить Всемирный день женского предпринимательства в Бишкеке на большой и яркой конференции «Смелость быть собой». Пятый год подряд «Курак», присоединившись к глобальной инициативе WED, собирает представительниц бизнес-сектора страны со всего Кыргызстана для того, чтобы продемонстрировать важность женского предпринимательства для развития общества, воодушевить женщин на ведение бизнеса, призвать женщин быть экономически независимыми и самостоятельными, открывать для себя новые возможности, становиться успешными и счастливыми. В 2019 году проведение конференции стало возможно благодаря поддержке Министерства иностранных дел Финляндии и Программы развития ООН при участии Правительства Кыргызской Республики. Программа конференции включает: 📌Выступления успешных женщин-предпринимательниц Кыргызстана, Узбекистана, Казахстана и Таджикистана 📌Панельную дискуссию на тему глобальных и региональных трендов женского предпринимательства и зеленой экономики 📌Подведение итогов программы ПРООН по менторству для предпринимателей из числа женщин и молодежи. Награждение лучших менти и менторов 📌Подведение итогов конкурса среди журналистов #ИШКЕРАЙЫМ и награждение победителей 📌Выступление спикера из Парижа на тему: "Смелость быть собой"Лидерстао. Фрида Кало от Эльвиры Фортуната 📌Выставку картин женщин-художниц из разных стран. 📌Музыкальные сюрпризы, фуршет, ярмака для женщин, новые знакомства, контакты и много интересного... Дата и место проведения: 20 ноября 2019 года, 12.00-18.00 часов г. Бишкек, отель «Sheraton Bishkek» (адрес: ул. Киевская 148) Билеты: Стоимость всего – 1000 сомов Купить можно в точках продаж по адресам: ресторан Прего Клаб (просп. Чуй, 219), магазинах Ferma market (ул. Московская, 150 и ул. Исы Ахунбаева, 145) 👆Социальные билеты решаются в индивидуальном порядке по телефонам: 0996 555 655 172, 0996 556 999 222 _________________________________________________ ⭐ Всемирный день женского предпринимательства в КР Девочки, будет душевно😍😘 #kurakwomenkg #womenforumkurak #WED2019 #ChooseWomen #WomenWOW #undp #USAID #giz #Tsiausa #EBRD
34770  
09.11.2019
Кызым экөөбүздүн ортобузда сыр жок. Менин угуучум жана кеңеш берүүчүм. Бир жылда абдан чоңойду. Ой жүгүртүүсүнө кээде ичимен баа берем. Өзүнө өтө тыкан. Ушул кызыма өзгөчө мээримимди жана убактымды бөлгөм. Торт жыл үйдөн чыкпай, колуман түшүрбөй, кайнак сууга гана киймдерин колго жууп чоңойтком (кийинки экөөсүн доктур крандан аккан сууга эле жуунтуп, кирлерин автомат машинеге сала бер деген. Корсо, анчалык микробтордон баланы коргобош керек экен). Тарбияны болушунча катуу берем. Кээде эки сиңдиси үчүн тил угуп калат. Бирок, дароо баарын оңдоп кетет. Бою мага жетейн деп калды. Өзүмө эмне алсам дароо эки даана алам. Менин эгизим, эркем, курбум, мотивациям. Улуунар силердин үй-бүлөнөрдө кандай? Келечеке канатыңды кенен жайып уч, жөжөм❤️. Уят дегендерге айтаарым, аркасы ачык койнок кийип отурат деп элестете бергиле. Эн негизгиси бардыгы орду менен. Бутунар түз болсо юбка кийгиле, жашынарда жаштай жургуло.